2003-жылдын 3-ноябрында Бириккен Улуттардын жалпы жыйынында Грекиянын демилгеси менен кабыл алынган атайын чечимге ылайык, быйыл 13-августтан 29-августка чейин Афин шаарында өтө турган Олимпия оюндары учурунда дүйнөдөгү бардык куралдуу кагылышуулар токтотулууга тийиш. Бириккен Улаттарга кирген 191 өлкөнүн бир жүз токсону ал чечим үчүн добуш берген, алардын ичинде АКШ дагы бар, жыйынга Ирактын гана өкүлдөрү катышкан эмес. АКШнын мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели 12-августта билдиргенине караганда болсо, Ирактын Нажаф шаарында азыр өткөрүлүп жаткан аскерий операциянын Олимпиада учурундагы тынчтыкка эч тийешеси жок.
Имам Муктада ас-Садр түзгөн Мехди армиясынын жоокерлери менен америкалык аскерлер ортосундагы жаңы кагылышуулар 5-августта башталган. Ирактын коргоо министри Хазем ал-Шаландын айтымында, бир аптага уланган салгылашууларда төрт жүзгө жакын жоокер өлтүрүлдү же жараат алды, дагы 1200 адам кармалды. 11-августта америкалык аскерлер шаар көчөлөрү аркылуу өтүп, анын карапайым тургундарын Нажафтан чыгып кетүүгө чакырды, он экисинде болсо Мехди армиясына каршы чабуул башталды. Шийи жоокерлери имам Алинин мечити менен анын жанындагы Вади ал-Салам аттуу мүрзөнүн аймагында жашынууда, америкалык аскерлер аларды курчоого алды, бирок ичине кирген жок.
Садр америкалыктарга каршы биринчи аракеттерин үстүбүздөгү жылдын апрелинде баштаган, эки айдан кийин болсо тынчтык келишими түзүлгөн жана ага ылайык, америкалыктар мечит менен мүрзөгө кирбеш керек. Кээ бир кабарлар боюнча, 12-августта Садр жараат алды, бирок анын жардамчысы Хазим ал-Аражи он үчүндө Багдад шаарында жарыялаганга караганда, жараат оор эмес: "Муктада ас-Садр дагы эле Нажафта жана салгылашууну жетектөөдө. Кудайга шүгүр, анын жарааттары оор эмес, ден соолугу жакшы". Ирактын ички иштер министри Фалла ал-Накибдин айтымында, Садр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат.
Америкалыктардын чабуулу Ирактын өзүндө дагы, дүйнөлүк мусулман өлкөлөрүндө дагы каршылык жаратты. Ливандык аятолла Мохамад Хусейн Фадлалла америкалыктарга чабуулга өтүүгө уруксат бергени үчүн Ирак өкмөтүн сынга алды. Араб лигасынын баш катчысы Амр Муса Каир шаарынан билдирүү жасап, эгер Нажафтагы ыйык жерлерге зыян тийсе, анын арты жаман бүтөт деп жарыялады. Ирандын тышкы иштер министрлигинин айтымында, Ирактагы кыргынды токтотуу үчүн дүйнөлүк коомчулук кийлигишүүгө тийиш.
13-августта болсо Басра шаарында белгисиз шийи жоокерлери бир британиялык журналистти барымтага алганы тууралуу жарыялады жана тартылып алынган видео көрсөттү: "Мен журналистмин. Мен жөн гана Иракта эмне болуп жатканы тууралуу кабар жазам. Менин атым Жеймс Брэндон, мен 'Санди телеграф' үчүн иштейм".
Анын жанында турган чүмбөт кийген адамдын айтымында, эгер Нажафтагы чабуул токтотулбаса, журналист өлтүрүлөт: "Биз америкалык аскерлердин 24 сааттын ичинде Нажафтан чыгып кетишин талап кылабыз. Антепегенде, бул британиялык туткунду биз өлтүрөбүз".
Нажаф калаасы шийи мусулмандарынын ыйык шаары эсептелет, имам Алинин мечити турган жерде Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы имам Али ибн Аби Талиб коюлган. Анткен менен азыркы шийи имамы Муктада ас-Садр менен Ирактын шийи мусулмандарынын жетекчиси аятолла Али ал-Систани ортосундагы мамиле өтө деле жакшы эмес. Садрдын атасы Мохамад Садек президент Саддам Хусейнге каршы чыккан жана 1999-жылы өлтүрүлгөн. Ал аятолла Систаниге да каршы болчу. Садрдын агаларынын бири Мохамад Бакрды дагы Саддам 1980-жылы өлтүргөн.