Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛОО ОЮНДАРЫНАН АЛЫСПЫ ЖЕ ӨЗҮ КОШО КАТЫШКАНБЫ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Рысбек Акматбаевдин таламын талашып, Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык жыйын уюштурган калың топко күч колдонбой, аны сүйлөшүп таркаткандыгы үчүн Курманбек Бакиевди саясатчылар бир жагынан макташып, экинчи жагынан тымызын шайлоо оюндарын жүргүзүп, кырдаалды ушуга чейин жеткирген Президент өзү деп сынга алышууда.

Нааразылык митингисине чыккан адамдар менен жолугуп, аларды сөз менен ынандырып тараткан мамлекет башчынын иш-аракеттерин айрым саясатчылар колдоп жатышса, кээ бирөөлөрү президент кырдаалды эл көтөрүлүп чыкканга чейин жеткирбеш керек эле деген сын көз караштарын билдиришти.

-Курманбек Салиевич митингде турган элдерге өзү чыгып, сүйлөшүүгө барып, алардын суроо-талабын укканы абдан жакшы болду. Ал элдин үнүн, алардын көйгөйүн уга билген адам,- деди Кыргызстан коммунистик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова.

Курманбек Бакиев жума күнү кечинде шайлоодон четтетилген талапкер Рысбек Акматбаевдин таламын талашып келген калың топту сүйлөшүп тараткандан кийин, алар менен кечке чейин чыгып сүйлөшүп койбогондугу үчүн өкмөт мүчөлөрүн тилдеген болчу.

-Мени бир факт таң калтырат. Ушул убакыттын ичинде өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөсү дагы чыгып алар менен сүйлөшпөптүр. Алар эмнеге келишиптир? Эмне талабы бар?-деп сүйлөшүүгө барышпаптыр. Анын ордуна митингге кандайча күч колдонуу аракеттери жөнүндө кеңешме өткөрүшүптүр,-деп баса белгилеген Президент.

К. Бакиев ошондой эле жогорку бийликтеги чиновниктерге 24-марттагы окуя бийликтин элдин мүдөөсүн укпагандыгынан келип чыкканын эскертип, чогулган элдин талаптарына кулак салбагандыгы үчүн өкмөт мүчөлөрүнө чара көрөрүн билдирген.

Бир катар саясатчылар кырдаалды ушуга чейин жеткирген Президенттин өзү деп сынга алышууда. Бул чырдын чыга турганын, саясатчы Болот Байгожоевдин пикиринде, Президенттин өзү билген, бирок билмексен болуп чыга келди.

-Бул маселени шайлоого каттоо болуп атканда эле туура чечиш керек эле. Муну Курманбек Бакиев түздөн-түз мурда эле билген, жакшы түшүнгөн. Эми Бакиев барыбызды эле жаш баладай ойноткусу келет. «Мен иштер менен сыртта жүрсөм , өкмөт болсо билмексен болуп отурат»,дейт. 17-июнда да иш сапары менен жүрдүм эле деп билмексен болду. Эми Бакиев президент да. Оюнду токтотуш керек. Акаев да он беш жыл ушинтип ойноп атып, эмне менен бүткөнү барыбызга белгилүү эмеспи,- деди Болот Байгожоев.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мамлекет башчысынын элдин алдына чыгып, сүйлөшүүгө барганын колдойт, бирок анын сыналгы аркылуу өкмөт мүчөлөрүнө карата айткан сын пикири орунсуз болуп калды деп белгилейт.

-Биз митингде бардыгын эле көрүп турбадыкбы.Өкмөт мүчөлөрү нааразы болгон элдердин талаптарын угуп, Феликс Кулов менен жолугуштурабыз деп аракет кылышкан. Феликс Кулов журналисттерге да айтпадыбы, мен бир-эки сааттан кийин алардын өкүлдөрү менен жолугушам деп. Анан Курманбек Бакиев келе калып эле, мына мен азыр эле келдим, мен эле жакшымын деп өзүн көрсөткөнү менин оюмча туура эмес. Бул мамлекет башчынын деңгээлине сыйбаган иш болду.

Эдил Байсаловдин айтымына, ар кандай пикет, митинг уюштурууну колдоп коомдо баш аламандыкты көздөгөн адамдарды президент эң алды өзүнүн жанынан издеш керек.

Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышуудан четтетилген Рысбек Акматбаев 31-мартта миңден ашык тарапкерлери менен шайлоого катыштыруу жана өкмөт башчы Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабы менен жума күнү өкмөт үйүнүн жанына каршылык митингисин уюштурган. Алар Президен К. Бакиев чыгып сүйлөшкөндөн кийин гана таркап кетишкен.

XS
SM
MD
LG