Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

РЕФОРМА: КОНЦЕПЦИЯСЫ ТУРУ, ӨЗҮ ЖОК


Конституциялык реформаны улай Кыргызстанда сот, мыйзам сактоо органдарын реформалоо милдети турат. Буга чейин кайсы бир министрлик же ведомстукту жаңылоо тууралуу сөз болуп келсе, бул ирет жалпы системаны кантип өзгөртүү жайында кеп жүрүүдө. 27-сентябрда Бишкекте айрым бейөкмөт уюмдардын, адистердин катышуусунда жаңы концепциянын бетачар аземи өттү.

Өнүктүрүү программасын колдоо коомдук фондунун координатору Сергей Масауловдун айтуусунда, жаңы концепция жактырылып калса эмдиги жылдан тарта аны ишке киргизүү механизмдери изделе баштайт. Азырынча тактала элек маселе концепцияны ишке ашыруу канча каражатты талап кылары, анан да ал акчаны Кыргызстандын бюджети көтөрө алабы, суроосу болууда.

Чүй облусундагы бейөкмөт уюмдардын «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргымбаевдин пикири боюнча, реформанын ишке ашар-ашпасы жетекчиликтин саясий эркине көз каранды. Анын каржылык маселесин эларалык коомчулуктун жардам-көмөгү аркылуу чечсе болот.

"Австpалиянын коюн самолет менен ташып келип алып туруп жеп алгандай болбойлу. Чет өлкөлөргө ачык көңүлдү, демократиялык процесстер бизде болуп атканын көрсөтсөк, менин оюмча бул маселе чечилет",- дейт С.Аргымбаев.

Сот, мыйзам коргоо органдарына элдин көпчүлүгү ишенбестиги Кыргызстанда жаңылык деле болбой калган. Аны эске алган мурдагы бийлик тушунда 1998-жылдан тарта реформа маселеси бирнече ирет козголуп, программалар иштелип чыккан. Бирок да айы-жылына чейин көрсөтүлгөн мына ошол тармактык программалардын кайрымжысы кайтарылбай, мыйзам сактоо органдарындагы абал өзгөрүүсүз калууда.

Ички иштер кызматын реформалоо борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыровдун ырасташынча, бирин жоюп, экинчисин башкага өткөрүп берүү системаны түп-тамырынан өзгөртө албайт."Тигини жоюш керек, муну жоюш, тигини түзүш керек да! Ал эми антүүнүн жыйынтыгы эмне болот? Аны жоюп же башкага өткөрүп ийгенден ким аны каржылайт? Ким ушунун укуктук базасын түзүп берет, деген маселе каралбай жатат".

Сот, мыйзам сактоо органдарын реформалоо зарылдыгы экономикалык кызыкчылыктын айынан да чыгууда. «Евразия» фондунун эксперти Назгүл Аснкожоеванын айтуусунда, катталган кылмыштардын 60% жакыны экономикалык кылмыштар. Алардын көбү ачылбай, ачылганы так укуктук баасын албай келүүдө.

"Чет эл инвесторлору Кыргызстан экономикасына инвестиция алып келишке куштар эмес. Себеп дегенде, алар жергиликтүү соттор бийликке көз каранды экенин билишет",- дейт Н.Алгожоева.

Сот, мыйзам сактоо органдарынын жер-жерлердеги абалы, аларга элдин ишенимин кандайлыгын Өнүктүрүү программасын колдоо коомдук фондунун координатору Сергей Масаулов мындайча маалымдады.

"Жалпысынан алганда эң коркунучтуу нерсе мында турат, ушу азыр кыргызстандыктар сот аркылуу талаш-тартышты чечпей калышты. Аны башкача жолдор менен чечүү аракетин жасашат".

Публистчи Койчуке Канаев азырынча реформа тууралуу тек кеп-сөз болуп, конкрет иш жасала элек дейт:"Реформа, албетте, керек. Кеп анда эмес. Кеп ошол реформаны ким жүргүзөт, кантип жүргүзөт, анын жыйынтыгын кантип болжолдоого болот? Сөз мына ушул жөнүндө болуп жатат".

Ушу тапта Кыргызстан кош кабат реформаларды өткөрүүгө камданып жатыры. Конституциялык реформа, ага улай сот, мыйзам сактоо органдарын реформалоо жүргүзүлмөкчү. Эгемендик келгени эсеби көп реформалар жарыя кылынып, анын натыйжасы кандай болгону көпчүлүктүн көз алдында өтүүдө.

XS
SM
MD
LG