Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

ООГАНСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ БУЗУЛУП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандагы абал оор бойдон калууда, талибдердин калдыктары өлкөнүн айрым аймактарын кайрадан колго ала баштады. Өлкө президенти Хамид Карзай болсо жакында кошуна Пакистандын жетекчилигин катуу күнөөлөдү.

Ооганстан менен Пакистан ортосундагы мамиле акыркы мезгилде бир топ чыңалган абалда. Кабул жетекчилигинин пикиринде, Талибан кыймылынын калдыктары кошуна Пакистанда жашынууда жана чек ара жакшы кайтарылбагандыктан, алар улам жаңы чабуул жасаганга кудуреттүү болуп жатат.

Исламабаддын айтымында болсо, ооган жетекчилиги өз аймагында өзү тартип орното албагандыктан, жөн гана башка бирөөнү күнөөлүү деп табууну каалайт. Мамилени оңдош үчүн декабрдын башында Кабулга Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Касури келген, бирок сүйлөшүүлөр каалаган жыйынтыкка жетпегенин, анын сапары мурда пландалган үч күн эмес, эки гана күнгө уланганы көрсөтөт.

Анткен менен эки өлкө ортосундагы чек ара чындап эле жакшы кайтарылбаганы жөнүндө бардык эксперттер айтат. Талибдердин жетекчилери жана "ал-Каида" террордук уюмунун башчысы Усама бин Ладен ушул чек арадагы тоолордо эмгиче жашынууда деген кабарлар да бар.

Бирок ооган президенти жакында Пакистанга каршы катуу сөздөрдү айтты. 11-12-декабрда Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында коопсуздук маселелерине арналган ири конференция болду, ага бир топ эл аралык эксперт жана Ооганстандагы НАТО уюмунун аскерлеринин жетекчилери да катышты.

Кандагарга келген президент Хамид Карзай - өлкөдөгү абалдын оңолбой жатканы үчүн кошуна Пакистанды түздөн-түз күнөөлөдү: "Өзүңөр көрүп жатасыңар - Пакистандын Белужистан жана Түндүк-Батыш провинцияларындагы абал күн өткөн сайын курчуп баратат. Анын себеби - бул аймактарда террорчулар чогулуп алган. Алардын базалары жабылып, жок кылынмайынча, Ооган жана Пакистан маселелери чечилбейт", - деди Карзай.

Анын эртеси, 13-декабрда ооган президенти - кошуна Пакистан ооган элин мурда эле өз кулдарына айлантууну көздөгөн жана андай пландардан эмгиче баш тарта элек деп да билдирди. Анын айтымында, ооган эли Пакистандын аракеттерине өтө ирээнжийт жана Пакистан президенти Первез Мушаррафка каршы аракет көрүп жибербесин деп Карзай аларды азыр араң кармап турат.

Пакистан тышкы иштер министрлиги дароо жооп берип, Ооганстандагы абалдын калыбына келишине Кабул канчалык кызыкдар болсо, Исламабад дагы аны ошончолук деңгээлде каалайт жана кошуна өлкөнүн коопсуздугун бузууга анын эч кандай ниети жок деген маалымат таратты.

Аны менен катар Ооганстан менен чек аралаш аймактарын Пакистан чындап эле толук көзөмөлдөй албайт. Кабул шаарында чыккан "Виса" гезити жазганга караганда, Пакистандын түндүк аймагы өзүн жакында Исламабадка баш ийбеген провинция деп жарыялады.

Айрым пакистандык саясатчылар болсо башка аракеттерди көрүүдө. 14-декабрда Исламабад шаарында Норвегиянын тышкы иштер министри Йонас Гар Стере менен жолукканда, Пакистан парламентинин комитет башчысы Мушахид Хусейн Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү боюнча өз планын тартуулады. Башка сунуштардын арасында анда - Талибан кыймылынын жетекчиси Молдо Омар же анын өкүлү Гүлбеддин Хекматиар менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деп айтылат.

XS
SM
MD
LG