Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

БАКЫТ БЕШИМОВ: БУШТУН СӨЗҮН КЫРГЫЗДАР ДА ОЙЛОНУП ЧЫГЫШЫБЫЗ КЕРЕК


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Америка бүгүн элине кайрылып, сөз сүйлөдү. Конгресстеги сөзүндө Жорж Буш Америка элинин жашоосун канткенде жакшыртуу керектигине, террорго каршы күрөшкө, Кошмо Штаттарынын тышкы саясатына жана бюджет саясатына токтолду. Ал Кошмо Штаттарынын экономикасында өзгөрүүлөр болушу керектигин белгиледи. Буш Жакынкы Чыгышта демократия орнотууга Кошмо Штаттары жардам берүүгө тийиш деди. Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов АКШнын президентинин кайрылуу сөзү боюнча «Азаттыкка» ой-пикирин бөлүштү.

- АКШ президентинин бүгүнкү сөздөрүн угуп жатасыз, кандай таасирдесиз?

- Менимче, бул жөнүндө күн мурун айтылып атты. Албетте, азыр ошол айтылган сөзүнүн 80 пайызын биз уктук. Буга чейин Эсенбай Нурушев абдан жакшы чечмелеп берди. Мен болсо кээ бир нерсеге басым жасап кетким келет. Биринчиден, ал өзүнүн сөзүндө жалпы Американын экономикасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып кетти. Мисалы, жаңы энергетика ресурстарын пайдалануу тууралуу. Келерки он жылдын ичинде жалпы бензиндин пайдаланышы 20 пайызга төмөндөсө, албетте, дүйнөлүк экономикага өтө чоң таасир этет. Ошондуктан биз деле Кыргызстан катары өзүбүзгө бир топ жыйынтык чыгарып туруп, анан башкаруу элитабыз ошол жөнүндө ойлонуп, ошого карата даярдык көрсө деген ой бар.

Экинчиден, өзүңүздөр билесиздер Американын экономикасы азыркы учурда эң алдыңкы, мисалы, дүйнөлүк ички дүң продукциясы 34 пайызын түзөт. Эгерде Япония менен Германияны кошсо, үч мамлекет ички дүң продукциянын 60 пайызын түзөт. Ошондуктан, Американын экономикасында кандай өзгөрүүлөр болот, биз үчүн өтө маанилүү. Ошого көңүл бурсак. Андан тышкары, Буш баса белгилеп кетти, илимди алдыга жылдырыш керек деп. Анткени, Америка дүйнөдө жалпы конкуренттүү болушу үчүн жаңы илимий технологияларды жакшы пайдаланыш керек. Ал үчүн сөзсүз агартууну, жалпы илимди колдоону жогорку деңгээлге көтөрүш керек. Андан тышкары, глобалдык климаттын өзгөрүшү боюнча айта кетүү керек. Биз Кыргызстанда деле аны сезип атабыз. Климаттын өзгөрүшү бизге чоң таасир этип атат. Жер көчкүлөр, жер титирөөлөр мурдагыга караганда биздин жалпы турмушубузга өтө чоң таасир этип атат. Анан, албетте, экономикадан көп каражат талап кылып атат. Ошол нерсеге көңүл бурсак. Адамзат биргелешип күрөшпөсө жакшы өзгөрүү болбойт го десем болот.

Андан тышкары биз Кыргызстан мусулман дүйнөнүн бир бөлүгүбүз да. Ошондуктан азыркы мусулман дүйнөгө карата Американын мамилеси биз үчүн өтө маанилүү десем болот.

- АКШ конгрессинде көпчүлүктү оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлдөрү түзөт. Бирок Буштун кайрылуусунда орун алган бир көрүнүш, анын сөзүн залда отургандар кол чабуу менен кабыл алышты. Бул эмненин белгиси?

- Бул саясий маданияттын деңгээлинин белгиси. Байкадыңызбы, Буш деле кандай болбосун Американын президенти өзүнүн сөзүндө, кайрылуусунда жалпы карапайым элге, алардын кызыкчылыгына карата сөзсүз басым жасайт. Өзүнүн сөзүндө айтпадыбы, биз элден түшкөн акчаны элдин пайдасына жумшашыбыз керек деп атат. Медициналык реформалар, пенсионерлер жөнүндө айтып атат. Андан тышкары, биздин администрациянын негизги максаты америкалыктардын турумушун мындан ары да жогорулатуу, жакшы кылуу деп атат. Айлыктар жөнүндө айты кетти. Жалпы 7 миллиондон ашык иш орундар ачылганы жөнүндө баяндама берип кетти. Албетте, демократтар каршы болгону менен булар колдойт да.

- Сизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG