Мындай ири эл аралык конференция уюштуруу демилгесин 2003-жылы Түркия көтөргөн жана 2004-жылы биринчи жыйын ушул эле Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн. Азыркы конференцияга 63 мамлекеттин жана 12эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Жыйындын биринчи күнүндө "Ирак боюнча эл аралык пакт" деп аталган беш жылдык план кабыл алынды. Анда өлкө чарбасын көтөрүп, аны дүйнөлүк экономикага интеграциялоо шарттары каралган.
Андан тышкары, Ирак премьер-министри Нури ал-Маликинин суранычынан кийин бир топ мамлекет жана уюм өлкөнүн тышкы карызынан кечип, аны бир кыйла кыскартууга убада кылды. 1980-1988-жылдарда Ирак кошуна Иран менен согушканда карызга баткан жана анын өлчөмү 150 миллиард долардан ашкан.
Президент Саддам Хусейн 2003-жылы бийликтен кулатылгандан кийин эл аралык коомчулук ал карыздын 100 миллиардка жакынын кечкен, 3-май күнү болсо калган карыз дагы 32 миллиардка кыскартылды, жалгыз Сауд Арабия эле 15 миллиард доллардан кече турганын билдирди, ошондой эле жарыяларды дагы алты мамлекет - Болгария, Грекия, Кипр, Кытай, Румыния жана Түштүк Корея жасады. Аны менен катар дүйнө коомчулугу Иракка 5 миллиард доллар жардам көрсөтүүгө убада кылды.
Ошол эле 3-май күнү Шарм-эл-Шейхте Америка тараптын демилгеси менен АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү болуп, алар Ирактагы абалды талкуулады. 2003-жылы Ирак согушу башталгандан бери эки өлкө ортосунда мынчалык деңгээлде жолугушуу болгон эмес.
АКШ менен Иран министрлери ортосунда дагы ошондой жолугушуу болот деп күтүлгөн, бирок конференцияга келээри менен Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Вашингтондун Ирак саясатын катуу сынга алды, кечки сый тамак учурунда болсо ал окуянын аягына чейин күтпөстөн, туруп чыгып кетип калды.
Конференцияга Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун, Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана, Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса, Исламдык конференция уюмунун жетекчиси Экмалидин Иксаноглу жана башка жетекчилер катышты.
4-май күнү жыйын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде уланды жана негизинен региондо коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланууда. Жыйындын ачылышында Малики дүйнө коомчулугуна дагы бир жолу кайрылды: "Ирактын алсыз болгону региондогу бир да мамлекеттин дагы жана дүйнө коомчулугунун дагы кызыкчылыгында эмес. Эл аралык коомчулук менен кеңири кызматташуу - жаңы Ирактын коопсуздугун камсыз кылуу ишинде жогору мааниге ээ, аны менен региондогу стабилдүүлүк жана жыргалчылык дагы өсөт", - деди премьер 4-май күнү.
Конференциянын жыйынтыктоочу документи катары Ирактагы кризисти чечүү боюнча жалпы келишим кабыл алынууга тийиш.