Стокголмдогу изилдөө институтунун 2007-жылдагы отчетуна ылайык, дүйнөдөгү эң ири курал сатуучулар – Кошмо Штаттары менен Орусия болду. Кошмо Штаттары негизинен Жакынкы Чыгышка, Жапонияга, Тайванга курал сатат. Бул соода менен АКШнын өкмөтү да, жеке менчик компаниялар да алектенет. Ал эми Орусиянын негизги кардарлары - Кытай менен Индия, бирок кийинки кездери алардын катарында Алжир, Венесуэла сыяктуу өлкөлөр да пайда болду. Аталган отчетто куралдардын көбү терроризмге каршы күрөш үчүн деп сатылып алынаары белгиленет. Терроризмге каршы курал менен күрөшсө болобу? Отчеттун авторлорунун бири Марк Бромлей мындай дейт:
- Алгач, терроризм деген түшүнүктү тактап алуу зарыл. Бирок эгер террорчулар дээрлик технологияны талап кылбаган жабдыктарды колдооноорун эске алганда, жок, курал менен террорго каршы чыгууга болбойт. Кыруучу учактар жана согуштук кемелерден айрыкча пайда аз. Кошмо Штаттарынын өкмөтү Ирактагы согушту террорго каршы глобалдык согуштун бир бөлүгү деп аныктаган, дагы башка тышкы саясий чараларын табууга болот. Бирок, баары терроризмдин аныктамасына жана ага каршы ким эмне үчүн күрөшүп жатканына көз каранды.
Курал-жабдыктын кара базары дүйнөдөгү эң ири мыйзамсыз сооданын бир түрү экени белгилүү. Бромлейге ылайык, мындай базардын пайдубалы бир топ бекем. Бириккен Улуттардын курал эмбаргосу сыяктуу чаралар көрүлүп келатат, бирок жалпысынан террордук топтор керек болгондо зарыл курал-жаракты таба алышат.
Кара базар биринчи кезекте мурдагы согуштардан калган курал жарак менен толукталып турат. Айрыкча, 1980-жылдары ар кыл согуштар жүргөн Эл Салвадор, Гватемала сыяктуу Борбор Америкалык өлкөлөрдө куралдын зор кампалары сакталып калган. Бул куралдар бүгүн Колумбия сыяктуу жаңы жаңжалдарга шыкакчы болууда.
Албетте, террордук топторду албаганда, курал армияга берилип, бул тигил же бул өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздайт деп саналат. Бирок, бул максатка башка жол барбы?
Бромлейдин айтымында: Куралдуу жаңжалдардын адамдардын өлүмү, оорулар, ачкачылык сыяктуу кесепеттерин эске алганда, курал-жаракка кеткен чыгымдар саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын каражаттан гана кур-жалак калтырбастан, мындай чыгымдардын бир бөлүгү бул кесепеттердин айрымдарын жаратып, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүн аксатат, -деп белгилейт стокгольмдук изилдөөчү.