Май айында Тегеранда кармалган төрт адам - АКШдагы Вудро Вильсон институтунда иштеген профессор Хале Эсфандиари, америкалык социолог Кайен Тажбахш, адам укуктарын коргоочу Али Шакери жана "Фарда" радиосунун кабарчысы Парназ Азима. "Фарда" радиосу мындан бир нече жыл мурда "Азаттыктын" Иран бөлүмүнүн негизинде түзүлөн.
АКШ үчүн тыңчылык кылган деген күнөө кармалгандарга 29-май күнү расми түрдө коюлду, журналист Азима болсо ошол эле күндөрдө күрөгө бошотулду, ага каршы коюлган күнөө - пропаганда, калган үч адам азырынча камакта.
16-июлда болсо Ирандын мамлекеттик сыналгысы аркылуу кармалгандар жөнүндө атайын программа тартылганы тууралуу айтылып, андан үзүндүлөр дагы көрсөтүлдү. Айрым эксперттердин пикиринде, ал программада эми америкалык жарандар Вашингтон үчүн тыңчылык кылганын моюнга алганы көрсөтүлүшү мүмкүн, анткени мурда дагы окшош учурлар болгон.
Абакта кармалгандардын укуктарын коргоо коомунун башкармалыгынын мүчөсү Мохаммад Реза Фагихинин айтымында, туткунга түшкөндөр оор абалда кармалат, ошондуктан ар нерсени күтсө болот:
- Алар суракка өзгөчө шартта алынат. Коопсуздук маселелер менен байланыштуу айыпталып жаткандыктан, сурак учурунда алардын жанында адвокаттар дагы болбойт, ошондуктан, алардын сөздөрү кандай шартта жазылып алынганы белгисиз, ал жөнүндө биз эч нерсе билбейбиз,- дейт Фагихи.
Профессор Хале Эсфандиари иштеген Вудро Вильсон институтунун деректири, мурдагы конгрессмен Ли Гамильтондун айтымында, тыңчылык кылган деген күнөө күлкү келтирет жана эгер окумуштуу аны мойнуна алса, аны күч менен жетишилген аракет деп түшүнүү керек.
Ошол эле 16-июлда АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак дагы билдирүү жасап, бул окуя Ирандын эл аралык сахнадагы кадыр-баркына зыян тийгизет деп билдирди:
- Кармалган адамдар өз өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн Иран менен Америка элдери ортосунда көпүрө курууга арнаган. Эркине каршы аларды Ирандан чыгарбай кармоо - Иранды башкарган режим тууралуу дагы жаңы терс белги берип, тийиштүү пикирлерди жаратууда,- деп билдирди Маккормак.
Укук коргоо уюмдарынын айтымында дагы бул окуя канчалык узакка созулса, ошончолук Ирандын бедели түшүп, анын эл аралык саясаттан обочолонгону күчөйт. "Эмнисти интернэшнл", "Хюман райтс вотч", "Чек арасыз репортерлор", Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбади жана башка уюмдар менен белгилүү адамдар Тегеранга өз каршылык каттарын жиберген.
Туткунга түшкөн көптөгөн адам буга чейин Иран сыналгысы аркылуу сүйлөп, Иран элине каршы аракет көргөнүн моюнга алып, кечирим сураган учурлар болгон. Бирок кийин алардын айрымдары Батыш журналисттерине интервью бергенде, анын баары күчкө салып жасалганын айткан.
Мындан төрт жыл мурда болсо Иранда канадалык журналист Захра Каземи кармалып, сурак учурунда курман болгон, анткени катуу кыйналган. Анын теги дагы ирандык болчу.