Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйынын өткөрүүнү уюштуруу комитетинин төрагасы Медет Садыркулов мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын баары келе тургандыгын, ага кошулуп Ооганстан, Түркмөнстан президенттери, Улуттар уюмунун башкатчысынын орунбасары мейман катары чакырылганын, байкоочу өлкөлөрдөн Иран менен Монголиянын мамлекет башчылары, Индия, Пакистандын министрлери катышарын ырастады. Делегация башчыларынын бирөөнөн башкасы өкмөттүк резиденцияда жайгаштырылат. Президенттердин текши баары жыйынга бир-эки күн калганда Бишкекке келишет, жалгыз Түркмөнстан президенти жыйын башталарга бир-эки саат калганда келип, таң эрте кесиптеши К.Бакиев менен кезигерин М.Садыркулов кабарлады.
- Түркмөнстан башчысынын кызыкчылыгы чоң. Ошон үчүн эртең менен жолугуп сүйлөшүп алалы, деген сураныч болду. Биздин президентибиз макулдугун берди. Ошондуктан 16-августта саат сегизде ошол жолугушуу башталат.
М.Садыркуловдун айтуусунда, бу жылы башкалаадагы оңдоп-түзөө, тазалоо жумуштарына 800 миллион сом жумшалды. Ушунчалык эле каражат эмдиги жылы да бөлүнмөкчү. Кыйла жылдар кароосуз калган шаар көчөлөрү бул ирет деле толук иретке келтирилген жок.
- Шаардын көчөлөрүнүн баары тең каралбай калыптыр. Мына азыр оңдоону өкмөттүк резиденциядан баштадык. Зымдары баягы союз учурундагы кезден бери туруптур. Тийгенде эле баары бузула баштады, баары тең жаңы коюлду.
Шанхай кызматташуу уюмунун соңку жыйындарында козголуп келаткан “Манас” абамайданында жайгашкан АКШ аскерий базасына байланышкан кытыгылуу маселе күн тартибине киргизилбегендигин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев ырастады.
- Өз алдынча, эгемен Ооганстандын калыптануу учурунда көмөк көрсөтүү боюнча гана кеп болушу мүмкүн. Башка контекстте ал тууралуу кеп деле болбойт. Анан да жыйындын күн тартибинде ал атайын маселе катары киргизилген жок. Эгер ал айтылса башка эларалык проблемалардын катарында талкуу иретинде козголуп калышы мүмкүн.
Э.Карабаев Шанхай кызматташуу уюму аскердик милдетти эмес, эларалык террорчулук, баңги ташууга бөгөт коюу, жикчилдикти жок кылууну көздөй тургандыгын билдирип, анын мисалы катары ушу тапта Орусия менен Кытайда өтүп жаткан биргелешкен аскердик машыгууларды келтирди. Бишкектеги жыйындан соң мамлекет башчылары Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль аскер жайында өтүүчү машыгуулардын ачылышына катышмакчы.
- Бул машыгуулардын өзгөчөлүгү анда Шанхай кызматташуу уюмуна расмий мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардык өкүлдөрү катышкандыгында,- деп маалымдады Э.Карабаев.
Чоң жыйынды өткөрүүнүн коопсуздукка байланышкан толгон-токой түйшүгү жүктөлгөн ички иштер министрлигинин жетекчиси Болотбек Ногойбаевдин ырасташынча, мамлекет башчылары өтчү жол бою тосоттор коюлуп, алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө.
- Жанагы криминал, чынын айтканда, жашынарга орун таппай калды. Ал эми аялдарды болсо, жеңил ойлуу аялдарды, “түнкү көпөлөктөрдү”, колубуздан келишинче кубалайбыз.
Бул күнү Бишкекте эларалык пресс-борбор ачылды. Президенттик акимчиликтин пресс кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев заманбап техника менен жабдылган жаңы жерде иштөөгө жетиштүү шарттар түзүлгөнүн маалымдады.
Ушу тапта чоң көчөгө жуук дүкөндөрдө ичимдиктерди сатууну чектөө тууралуу өкмөт токтому чыгып, уюштуруу комитети шаардыктардан машинелер шыкалбашы үчүн зарыл болбосо өзүмдүк унааларды бир-эки күн минбей токтотуп туруу өтүнүчүн билдирүүдө.