Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЭКИ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелерин андан ары тереңдетүү жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Бакиев өз сөзүндө Кытай мамлекети Кыргызстан үчүн маанилүү саясий жана экономикалык өнөк болот деп баса белгиледи. Ал эми Ху Цзиньтао Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолун, мамлекеттик госпиталды курууга көмөк көрсөтүшөрүн билдирди. Эртең 15-августта өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов Ху Цзиньтао менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаону 14-августта «Манас» абамайданынан премьер-министр Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Андан соң өкмөт үйүнүн алдында Ху Цзиньтао баштаган Кытай делегациясын аземдүү тосуп алуу иш чарасы болуп, ага АКШ, Орусия, Казакстан, Түркия баштаган он бешке чукул мамлекеттердин элчилери катышты. Андан соң эки мамлекет башчынын көзмө-көз жолугушуусунан кийин бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында Малдын карантини жөнүндөгү макулдашууга, айыл, суу чарба министри Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзень Чи кол коюшту, Ал эми Маң заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу келишимине Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Алымбай Султанов, Конфуций жогорку окуу жайын ачуу боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча меморандумга айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башысы Арыстанбек Давлеткелдиев кол коюшту. Ошондой эле техникалык кызматташуу боюнча келишимге, кыргыз телекомдун жабдыктарын жаңыртуу боюнча макулдашууга, Кызылкыя цемент заводуна жеңилдетилген кредит берүүгө кошумча макулдашууга, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата берилген санитардык техникаларды жана автоунааларды өткөрүп алуу актыларына кол коюлду.

Келишимдерге кол коюлгандан кийин президент Курманбек Бакиев өз сөзүндө кытай-кыргыз мамилелерине, кызматташтыгына байланыштуу бардык маселелер боюнча бир пикирге келип, натыйжалуу жыйынтык чыкканын белгиледи.

Бул кол коюлган документтер эки тараптуу мамилелердин, келишимдердин укуктук базасын түзүп, экономиканын бардык тармактарында кызматташууну арттырат.

Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао болсо кыргыз-кытай мамилелерин туруктуу жана узак убакытка колдоо эки мамлекеттин кызыкчылыгына жана аймактагы тынчтыкка жана өнүгүүгө жооп берерин айтты. Ал ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолун курууга, мамлекеттик госпиталдын курулушуна, соода-сатыкты өнүктүрүүгө колдоо көрөстүлөрүн билдирди.

Эртең Ху Цзиньтао премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, кыргыз-кытай мамилелерине байланыштуу маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

 

XS
SM
MD
LG