Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

ЧЕКТҮҮ МӨӨНӨТ – ЧЕКСИЗ БИЙЛИК


Кыргызстанда тез-тез өзгөрүлүп турчу Баш мыйзамдардын дээрлик баарында бир эле адам катары менен экиден ашуун президентке шайланууга укугу жоктугу ырасталган. Бирок да ошол эле мыйзам талабына таянып мурдагы президент үчүнчү мөөнөткө шайлоого чыгып, атаандаштарын атчабым артка калтырып утуп чыкканы элдин эсинде. Улам-улам оңдолуп-жаңыланып жаткан Башмыйзамга таянып азыркы жана кийинки мамлекет башчылары бийлик мөөнөтүн узартып алыш коркунучу барбы?

21-октябрдагы референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын 43-беренесинде президент беш жылга шайланары, бир эле адам катары менен экиден ашуун андай чоң кызматка шайлана албастыгы ырасталган. Бул жобо 2003-жылдын 2-февралындагы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган Конституциянын так ушул эле беренесинен көчүп өткөн. Мамлекет башкаруунун президенттик институту киргизилгенден бери Баш мыйзамдын төрүнөн түшпөй келаткан мына ушул талап 2000-жылкы президенттик шайлоого чукул Конституциялык сот корутундусу менен Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна негиз түзүп берген эле.

Мыйзамга караганда түшүнүктү көбүрөөк барктаган Кыргызстанда деле постсоветтик Борбор Азия президенттерине өмүр бою эл башкарууга шарт түзүп келаткан эки жолку конституциялык мөөнөт үчүнчүсүнө оңой эле өтүп кетиши мүмкүн экендигине укукчу адис Таштанбек Жанузаков кадиксиз ишенет.

- Мурункусунда деле ушундай эле болбоду беле. Конституция алмашылса да, мыйзамдар алмашылса да эки мөөнөттөн ашуун шайланууга акысы жок деп киргизиш керек. Жетет ошол. А.Акаевдики деле үчүнчү мөөнөткө ошентип кетпеди беле. Ч.Баекова ошондой корутунду чыгарып берген. “Мурункулары жарабайт, эми экинчи жолу эле шайланып жатат”, деп. Биздин «күнкарамалар» бийликке эмне керек болсо, ошонун баарын жасап бере алат.

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев азыркы бийлик андай кадамга барбайт, деген пикирде.

- А.Акаевге макулдук бергенде Конституция өзгөрүлүп, беш жылдык мөөнөтү башка болду деп туура эмес чечимди Конституциялык сот чыгарган. Мен ойлоп жатам, ага чейин Конституциялык соттун курамы алмашат. Мындай коркунуч, менимче, жок.

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтуусунда, эгемендик жылдардын тажрыйбасы Кыргызстанда мыйзам урматталбастыгын көрсөтүүдө.

- Мына азыркы Конституция боюнча деле кайра президенттик шайлоого жол түзүү проблема эмес экен. Кимдин колунда бийлик болсо ошол киши каалагандай чыгара берет экен.

«Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, президенттик мөөнөт Конституцияда абыдан так жазылып турат, мындан артык таамай туюндуруштун кажаты жок.

- Абыдан так эле жазылып турат. Орусчасын окуп берейин, кыргызчасында да ошондой. Мурда күнү айтпадыбы, «мен жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин дагы нөлгө түштүк, мен кайрадан дагы эки мөөнөткө барам, тигиндей-мындай дегенге болбойт», дебедиби.

Бирок да кагазда так жазылган мыйзам, программа, концепциялардын көбү ишке ашпай, өлкө кыйла жылын сөз дайрaсында калкуу менен өткөргөнүн саясат таануучу Бакыт Бешимов мындайча мүнөздөйт.

- Кызыктуу нерселер уялаган, бирок алар сөз боюнча эле калды. Ошол косметика, көз боемочулук менен ал адам өзүнүн өмүрүн өткөрдү. Анан акырында болсо уурулукка кирип кетти. Булар болсо, азыркы бийликте отургандар куду ошондой. Эки жылдан бери эмне кылышын билбей кыйналып отурушат.

Мамлекет башчы катары менен экиден ашуун шайланууга, ага кошумча кайсы бир саясий уюмга же партия мүчөлүгүндө турушка да акысы жок. Ошондон президент К.Бакиевдин жаңы партия түзүү демилгеси көпчүлүктү ушу тапта абыдан таң калтырууда.

XS
SM
MD
LG