Тегеранда ким бирөөлөр Путиндин көзүн тазалаганга камынып жатышыптыр деген кабарды Иран бийликтери абдан ачууланып четке кагышты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мохаммед Али Хоссейни таптакыр негизсиз бу кайбатты Иран менен Россияны араздаштыргысы келген душмандар Каспий саммити алдында атайылап таркатышканын айтып, жыйындын коопсуздугун камсыз кылганы кынтыксыз чаралар көрүлгөнүнө ишендирди.
Тегерандык эксперт Хоссейн Арыян да Ирандын чалгындоо кызматтары мыкты иштерин эске салды. “Анын үстүнө бул кимге керек? Балким,айрым бир өлкөлөр,анын ичинде АКШ президент Путиндин Тегеранда болушун жана Ахмединежад менен бир үстөлдө отурушун каалабайт чыгар?!”- дейт ал.
Россиялык байкоочулардын көбү да ушундай кыязда. Орус илимдер академиясынын кызматкери,Иран маселелери боюнча белгилүү адистердин бири Нина Мамедова Тегеранда чын эле ушундай иш пландалып жатса, анда мунун артында орус лидеринин бул жерде болушун каалабаган күчтөр турушу мүмкүн деп эсептейт. Ал эми ирандыктар болсо азыр аларга Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Россия менен Кытай гана колдоо көрсөтүп жатканын жакшы билишет, демек, мындай карасанатай кадамга алар барбайт, дейт Мамедова.
Тегеранда Путинге кол салганы жатышканын россиялык атайын кызматтарга шилтеме жасап, жекшемби күнү кечинде Интерфакс агенттиги кабарлаган эле.
Путин өзү кечээ Германияда немец канцлери Ангела Меркель менен Висбаденде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Иранга,албетте, барарын, дайыма эле коркунучтарды жана коопсуздук кызматтарынын сунуштарын угуп отурганда дегеле үйдөн чыкпай коюуга туура келерин билдирди.
Тегерандагы саммит мындан беш жыл мурда макулдашылган. Каспий кылаасындагы беш өлкөнүн – Азербайжан,Иран,Казакстан,Түркмөнстан жана Россия – лидерлери 2002-жылы Ашхабадда жолугушуп, деңиздин кен байлыктарын өздөштүрүү, ар бир тараптын чек ара тилкелерин аныктоо маселелерин талкуулашкан. Тегеран Каспийдин бери эле дегенде 20 процентине талаптанып жүрөт.
Тегеранда бүгүн Путин иран президенти Махмуд Ахмединежад менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда Ирандын атомдук программасы талкууланат. Путин бу проблеманы дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүүгө болорун кечээ дагы бир жолу кайталап эске салды.
1943-жылы Тегеран конференциясына катышканы Ирандын борборуна Сталин келген. Ошондон бери бул жерге Москвадан биринчи даражадагы бир да өкүл келген эмес. Путин эсепте акыркы жарым кылымдан ашуун мезгилде Сталинден кийин Тегеранга келген экинчи жетекчи болот.
Соңку маалыматтарда Россиянын жана Ирандын атайын кызматтары саммиттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында кошумча иш чараларды көрүп жатышканы кабарланды.