Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

МАРАТ КАЙЫПОВ: БАРДЫК ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ СОТ ЧЕЧЕТ


Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен талапкерликтен четтетилген социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Кыргызстанда жалаң башка улут өкүлдөрүнөн турган саясий партия түзүүгө жол берилбейт. Шайлоо алдында кайсы бир партияга артыкчылык берүү, административдик ресурсту ашкере пайдалануу учурлары укуктук баасын алышы керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Адилет министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов билдирди

Марат Кайыпов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, ушу тапта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлап, мындан башка пикир айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Борбордук шайлоо комиссиясы таап чыккан материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, алдын-ала иликтөө иштери жүрүүдө. Ал тууралуу кандайдыр бир түшүндүрмө берүү мыйзамга туура келбейт. Мен ойлойм, бул ишке Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү, прокуратура кызматкерлери чекит коет болуш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловду шайлоо тизмесинен чыгарып, жок кылынган шайлоо бүлетендерин басып чыгарууга кеткен чыгымдарды түгөлү менен партиянын эсебинен өндүрүп алуу тууралуу чечими мыйзамга жатпастыгын, социал-демократтардын жооптуу катчысынын иш-аракетине укуктук бааны сот гана бере ала тургандыгын “Ачык позиция” бейөкмөт уюму билдирген.

Марат Кайыпов парламент шайлоого катышып жаткан партияларга бирдей шарт түзүлүшү керектигин белгилеп, шайлоого байланышкан талаштуу маселелердин баары сот аркылуу чечилиши керектигин ырастады.

- Эгерде мамлекеттик бюджеттин эсебинен бекер эфирди пайдаланды, бир саясий партияга артыкчылык түзүлүп калды деген фактылар болсо, андай фактылар боюнча саясий партиялар арыз менен кайрылып, ушул маселени чечип алса болот.

Антсе да расмий жыйын, маалымдоо каражаттарында административдик ресурс колдонулбаганы такай айтылып келатканы менен, иш жүзүндө кубаттуу мамлекеттик машина жалгыз партиянын гана кызыкчылыгына иштеп калганы көп айтылууда. “Ата мекен” социалисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Кубатбек Байболовдун ырасташынча, аны “Ак жол” партиясына бюджеттик мекемелерде иштегендерди жалпысы менен киргизип жатканы деле көрсөтүп турат.

- Административдик ресурсту колдонгон жокпуз деп айтып жатышпайбы. Мен ушуну шылдың деп гана баа берер элем. Мына күнү бүгүнгө чейин “Акжолдон” башка бир да партиянын роликтери КТРден кетпей жатат.

“Атамекен” социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев да ушундай эле пикирде.

- Бир гана партия – “Ак жол” партиясынын пайдасына ачыктан-ачык иштеп жатканында болуп жатат. Ал тарабынан мыйзам бузуулар болгонуна көз жуумп, тескерисинче кээ бир партияларды эч кандай негиз жок эле шайлоо жарышынан чыгарып койгон учурлары бар. Анткени мунун баары бир партиянын артыкчылыгын камсыз кылганга багытталган.

М.Кайыпов партиялык тизмеде башка улут өкүлдөрүнүн 15%дан кем эмес камтылышына, ошол эле учурда жалаң башка улут өкүлдөрүнөн Кыргызстанда партия түзүүгө жол берилбестигине токтолду.

- Кыргызстанда жашаган башка улут 85% өз улутунун өкүлдөрүн көрсөтүп алып, калган 15% башкаларды аралаштырып койсо, ал мыйзамга каршы келип калат. Бул 85% кыргыз улутунан, анан башкасы башка улут болуш керек деген сөз.

16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого эки жумага жете бербеген күн калды. Көпчүлүк элдин шайлоо атаандаштыгына катышып жаткан партиялар тууралуу түшүнүгү жоктугу, атаандаштык күндөн-күнгө күчөп баратканы байкалууда.

XS
SM
MD
LG