Кечээки уруштарда күрт партизандары он алты жоокеринен ажырашты, баары болуп өткөн бейшембиден бери уланып жаткан операция маалында алардын сексенге чукул өкүлү жер жазданды. Түрк аскерлери да чыгымсыз калган жок, алар беш күн ичинде он эки жоокерин жоготушту. Күрт партизандары түрктөрдүн “Кобра” аттуу бир тикучагын атып түшүргөнүн ырасташууда. Жайкын жарандар арасында курмандыктар бар же жок экени аскери маалымдамаларда айтылбайт.
Чекарага жуук аймакта жашаган күрт тургуну беш көпүрөгө бомба тийип, кулап түшкөнүн, натыйжада бери дегенде он кыштактын ортосунда карым-катнаш үзүлүп калганын кабарлады.
Ирактын күрт автоном районунун жетекчилери түрк аскерлери калкка зыян келтирчү болсо “тийиштүү катыгын аларын” айтышты. Багдад өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хошиар Зебари да операцияны кыска мөөнөттө аяктоого чакырып, эгер ал узарып кетсе “региондогу абалды бүлүнтүшү мүмкүн” экенин эскертти. Ырасмий Анкара жакынкы күндөрдө армия түндүк Ирактан чыгарыла турганына ишендирүүдө.
Бу күндөрү Австралияда сапарда жүргөн Пентагондун башчысы Роберт Гейтс түрк өкмөтү күрт козголоңчуларына каршы күрөштө аскери операцияларга караганда экономикалык жана финансылык чараларга көбүрөөк басым жасоо керектигин белгиледи. Анкарадагы Жакынкы Чыгыш технология университетинин саясий профессору Хусейн Багчи да бул операцияда Түркия ийгиликке жетиши мүмкүн деп эсептейт. Бирок ушул операция менен эле КЖП жоюлуп кетпейт, күрт проблемасы биротоло чечилип калбайт, дейт ал.
Күрт жумушчу партиясынын аскери канатын жетектеген Бахоз Эрдал кечээ Түркияда жашаган бүткүл күрттөрдү жергиликтүү бийликтерге каршы жапырт көтөрүлүүгө чакырды. ”Күрт партизандары жети же оң миң эмес,алар жүз миңдеп саналат, алар бардык жерде, бардык түрк шаарлдарында бар”, - деп айтты Эрдал.
Күрт жумушчу партиясы Түркиянын түштүк-чыгышында өзүнчө мамлекет түзүү үчүн 1984-жылы күрөш баштаган. Ошондон бери эки жактын жоолашкан уруштары отуз миңдей адамдын өмүрүн алды. КЖПны АКШ, Евросоюз жана Түркия террордук уюмдардын тизмесине киргизишкен.