-Оболу үч жыл мурунку 24-мартты эстеп, баяндап бересизби? Кандай болду эле, кандай башталган, окуянын дал ошондой өнүгүп кетерин сиз күттүңүз беле?
- Эгер уруксат берсеңиз, мен 23-марттан баштайын. Бизди ошол күнү “Мен билгим келет” деген митинг акциядан кийин камашкан болчу. Түнкү саат үчтө акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун жардамы менен бизди бошотушкан. Биз анан “Келкелдин” мүчөлөрү баарыбыз кеңсебизде чогулганбыз.
Анан “оппозиция лидерлери, жаштар эртең Назаралиевдин медициналык борборунун алдына чогулат, чоң улуттук пикет митинг башталат” деп бизге маалымат берилди. Дароо эле бул жөнөкөй катардагы митинг эмес, көп күнгө созулчу митинг болот, боз үй, чатыр тигилет деп айтышкан болчу. Баарыбыз эле ошол маалда Украина, Грузияда болгон окуяларды билебиз. Ошолордун сценарийин пайдаланып митинг өткөрөбүз деген оюбуз бар эле.
Эртеси 24-мартта эртең менен болжогон жерде жолугушканбыз. “Келкел” беш жүздөн ашык жаштарды алып чыккан. Митинг түшкө чейин өзүнүн сценарийи менен жакшы эле өткөн. Түштөн кийин Акүй тараптан жети жүздөн ашык ак шапкечен, колуна таяк, таш алган, бизге агрессивдүүлүгүн көрсөткөн жигиттер пайда болуп калды. Андан кийин баарыбызга белгилүү окуялар башталды. Ал окуялардын жыйынтыгында биз саат төрттө Акүйдү алып алдык. Мен Акүйгө дароо киргенде эле көзөмөлдү жоготуп баратканыбызды байкадым.
-Элди башкара албай калдыңыздарбы?
- Ооба, эл башкарылбай калды. Тилекке каршы оппозиция лидерлери ошол маалда жок болчу. Каякта болушканын мен чынында айта албайм. Аябай жаман болдум. Ошол маалда “Келкелдин” жаштары КПП түзүп Акүйдөгү эмерек, буюм-тайымдарды сактап калууга аракет жасай баштадык. Көзөмөлдү кечки саат алтыга чейин улантканбыз. Саат алтыда Акүйдүн жаңы коменданты дайындалган, баарын ошого тапшырганбыз. Ошол маалда эле бизге “Бета Сторесте” “морадерлук башталды” деген маалымат келди.
Андан кийин мага “КТРдин алдында эл чогулуп атат, шарт болсо бир топту жибербейсиңби” деп чалышты. Мен ал топ менен чогуу бардым. Кире бериште өзүнчө күзөт түздүк. Саат жетилерде болсо Жогорку Кеңеште чатак башталды. Ошол маалда эски жана жаңы болуп эки чакырылыштын депутаттары пайда болуп калды. Мен пленардык жыйынга кирип, аябай жаман болдум.
Борбор шаарыбызда морадерлук башталса, жарандык согуш мына-мына болот деген кырдаал түзүлүп турган чакта, биздин урматтуу депутат аксакалдардын орун, кабинет талашып, “мен легитимдүүмүн, сен легитимсизсиң” деген ызы-чуусун көрүп жаман болдум. Анан трибунага чыгып “эгерде ушул маселени бүгүн чечпесеңер Кыргызстанды жоготуп алабыз” деп кичине эмоцияга алдырып катуу, ультиматум менен сүйлөдүм. Шаарда ошол түнү менен кандай окуялар болду баарыбызга белгилүү. Ал окуяларга менин да тиешем бар. Менимче, биз баарыбыз жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек. Шаардык тургундардан, морадерлуктан жапа чеккен ишкерлерден кечирим сурашыбыз керек.
-24-март окуясынан соң бийлик алмашкандан берки үч жылдын ичинде өлкөдө кандай орчундуу өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз? Бир убакта өзүңүз ыңкылапка арткан үмүт акталган жок, күткөн нерселер болбой калды деп айтып чыктыңыз эле.
- Ооба, туура айтасыз. Эми мен үч жылдан бери эч кандай өзгөрүү болгон жок деп айта албайм. Баарыбыз эле мына эки жылдын ичинде парламент менен президенттин ортосунда кандай карама-каршылык болгонун байкадык. Тирешүүнүн соңунда бир эле уткан тарап болот, же президент же парламент утуш керек эле. Азыр ким утуп, ким жеңилгенин билебиз. Мына жакында улуттук референдум өттү, андан кийин парламенттик шайлоо болду. Менимче, конституциялык реформаны, ошол эле референдумду дароо эле революциядан кийин өткөзгөнүбүз туура болмок. Ошол эле маалда Акаев түзгөн парламентти кетириш керек эле.
- Жогорку Кеңешти дароо таратууга эмне тоскоолдук кылды?
- Ошол маалда биздин лидерлерибиз, анан Конституциялык соттун төрайымы “биз мыйзамдуу жолго өтөлү, эгерде азыр Жогорку Кеңешти таратсак, мамлекетте такыр эле бийлик жок болуп калат” айтышкан эле. Президент жок эле, премьер-министр дагы. Ошондо Жогорку Кеңешти таратсак ал эмнеге алып келерин бир кудай билет. Бирок ачыгын айтканда 24-марттагы окуя дал ушул парламенттик шайлоодон башталган да.
Эми бүгүнкү күндө Кыргызстан жаңы жолго чыкты, жаңы саясий жолду тандады. Бул жолду парламенттик-партиялык система деп айтсак болот. Бул абдан туура жол. Бирок азыр проблемалар деле аябай көп. Менимче эң орчундуу проблема бул - сот системасын өзгөртүү. Сот өз алдынча иштеши керек. Сот системабыз бүгүнкү күндө адилеттүү дегендерге кошула албайм. Мына биздин комитетке жарандар дайыма көп учурда сот мыйзамга каршы чечим чыгарып жатат деп кайрылып келишет. Анан революциядан кийинки дагы эң негизги өзгөрүү деп биздин элдин ой жүгүртүүсүнүн, жаштардын жүрөгүнүн өзгөрүшү болду деп ойлойм. Бул эң негизги жетишкендик.
- Сиздин баамыңызда, ушул март окуясынан кандай башкы сабактар алынды? Маселен жеке өзүңүз үчүн дегендей.
- Жеке алган сабагым, саясатта дос деген болбойт экен. Мен муну революциядан кийин түшүндүм. Саясатта досттук жок экени мага чоң сабак болду. Анан өзүңөр билгендей, мен үч жылдын ичинде оппозицияда да жүрдүм, азыр болсо бийликтин өкүлүмүн. Бирок оппозициянын да, бийлик өкүлдөрүнүн арасында мен сыйлаган, мени менен тажрыйба бөлүшкөн, көмөк көрсөткөн саясатчылар көп. Ошондуктан мен ойлойм, келчекте биз баарыбыз тегерек үстөлгө отуруп, кандай гана маселе болсо да мунаса жол менен чечсе болот.
-Бүгүнкү күндө айрым саясий серепчилер Акаев менен Баиевдин саясатындагы окшоштуктар, айырмачылыктарга талдоо жүргүзүп, айрым учурда окшош деген да бааларын берип келишет. Ошол Акаев кетирген кемчиликтер Бакиевден да кетип жатат деген ойлор айтылат. Маселен, кадр саясаты жаатында.
- Мен бул айтылгандарга кошулбайм. Бакиевдин азыркы демилгелерин карасак, өзүнүн стратегиясы бар экенин көрүүгө болот. Анын кайрылуусунда 2010-жылга чейин экономиканы, социалдык секторду кандай өзгөртүү керек деген пландары бар. Дагы бир айырмасы азыркы президенттин командасы аябай тың иштейт, команданын ичинде акылдуу адистер бар. Мына акыркы жараяндарды, конституциялык реформа, Шайлоо кодексин өзгөртүү, шайлоонун өзүн карасак, мунун баары стратегиялык мамиле болду.
Менимче, анын Акаевден айырмасы аябай чоң. Акаевдин убагында биз мамлекетибизге анын үй-бүлөөсү жетекчилик кылаарын билчүбүз. Бүгүнкү күндө Бакиевдин үй-бүлөөсү мамлекеттик башкарууга тиешеси жок экенин байкап жатабыз. Дагы бир жолу белгилеп коеюн, анын командасы азыр аябай жакшы иштеп жатат.
- Чоң ыракмат маегиңизге.