Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

МАСКӨӨДӨ АМЕРИКАЛЫК-ОРУСИЯЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛАТ


Бүгүн Москвада америкалык-орусиялык эки күндүк сүйлөшүүлөр башталмакчы. Орусиянын ордо калаасына АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен коргоо министри Роберт Гейтс келишти. Алар президент Владимир Путин, президент болуп шайланган Дмитрий Медведев, ошондой эле тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Анатолий Сердюков менен эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашмакчы.

Былтыр октябрь айында Маскөөдө эки-экиден болуп америкалык жана орусиялык министрлердин жолугушуусу өткөн. Ал жолу АКШнын абадан болуучу ракеталык чабуулдан коргонуу системалар элементтерин Европада орнотушу жана Ирандын ядролук программасына кандай мамиле жасоо керектиги туурасындагы маселелер боюнча талаш-тартыш чыгып, маселелер ачык бойдон калган.

Бул жолу болсо Маскөөгө сапар тартар алдында Ассошиэйтед Пресс агенттигине берген маегинде АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс «Маскөөдөгү сүйлөшүүлөрдө америкалык абадан болуучу ракеталык чабуулдан коргонуу системасы боюнча Вашингтон эч кандай жаңы сунуш киргизбейт»,-деген.

Орусиялык Тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда, бул жолку сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде стратегиялык туруктуулук, ядролук куралды таркатпоо багытындагы биргелешкен орусиялык-америкалык демилгелер, тынчтык кезде атомду колдонуу чөйрөлөрүндө кызматташуу жана террорчулукка каршы күрөшүү маселелери болот.

Америкалык анализчилер божомолунда бул жолу деле тараптардын бир кепке келиши күмөн санатат. Вашингтондогу Никсон атындагы институттун талдоочусу Пол Сандерс айтканга караганда сүйлөшүүлөр олуттуу жыйынтык бербейт.

«Америкалык админстрациянын көз карашынан алганда ракетадан коргонуу системасы өңдөнгөн тар маселе өтө чоң мааниге ээ деп болжоймун. Дагы бир маанилүү маселе – Дмитрий Медведев менен жолугушуу, жаңы президент менен кийин өкүмөт башчы кызматына өткөндөн соң Путиндин бийликти бөлүштүрүүлөрү кандай болот ошону аңдап билүүгө аракет жасоо» - деген Сандерс мырза.

Башка анализчилер баамында Маскөөдөгү жолугушуу маалында ортодогу кептин бири НАТОнун кеңейиши турасында болот. Анын бири Украинанын НАТОго кабыл алынышы болмокчу. Эмне дегенде бул маселе Бухарестте өткөнү жаткан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр маалында президенттер Жорж Буш менен Владимир Путин ортосунда талкууланмакчы.
Ошондуктан анализчилердин айтымында, бул жолку жолугушууну алдыда келе жаткан саммитти даярдоо десе да болот.

XS
SM
MD
LG