Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

М.КАЙЫПОВ: БИЗДЕГИ БАРДЫК УЮМДАР КЫРГЫЗ МЫЙЗАМЫН СЫЙЛАП ИШТЕШИ КЕРЕК


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Кыргызстандын Адилет министри Марат Кайыповду менен жакындагы Бишкектеги адам укуктары боюнча Норвегия-Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсеси укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан текшерилгендиги тууралуу “Азаттык” түз маек уюштурду.

- Марат мырза, саламатсызбы!

- Саламатсыздарбы, урматтуу радио угуучулар. Мен дагы Чыңгыз атабыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына, бала-чакасына, неберелерине көңүл айтуу менен ал кадырлуу, атактуу, дүйнө жүзүнө таанымал инсан экенин айтаар элем. Эми Кыргызстанга, кыргыз элине көңүл айтканы бүткүл дүйнөлүк коомчулук кайрылат, ушундай учурда биз ынтымактуу, бирдиктүү болуп атактуу инсаныбызды кастарлап узатып алалы.

- Рахмат Марат мырза, эми талкуулай турган маселеге көңүл бурсак. Эки күндөн бери укук коргоочулар менен Ички иштер министрлигинин ортосунда Норвегия-Хельсинки адам укутары боюнча комитететтин ортосунда талаш жүрүп жатат. Ага Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн кызматкерлеринин аталган уюмдун кеңсесин текшерүүсү себеп болуп, укук коргоочулар аны эл аралык уюмдарга кысым көрсөтүү деп баалашты. Ал эми Ички иштер министрлиги текшерүү мыйзамсыз миграцияны аныктоо максаты менен мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн жана чет элдик комитеттин өкүлдөрү Кыргызстанда иштөөгө уруксат берген документи жок экендигин айтышты. Ал эми кеңсенин башчысы Дали Ивар бир жылдан бери Адилет министрлигинин расмий каттоосунан өтө албай жүрөбүз, буга бюрократия тоскоолдук кылууда деп билдирди. Чынында эле чет өлкөлүк уюмдардын катталып, иштөөсүно тоскоолдук барбы? Мындай жагдай эмне үчүн түзүлдү деген ойдосуз?

- Биринчиден, Дали мырзанын Кыргызстандын бийлигинен бир жылдан бери расмий каттоодон өтө албай жүрөбүз дегени жалган. Булар тиешелүү документтерин февраль айында тапшырышкан. Биз карап чыксак, жетишпеген документи бар экен. Мисалы Дали мырзага Хельсинки комитетинин жетекчилигинен мындай өкүлчүлүк ачканга ыйгарым укук берилген эмес. Биз болсо Дали мырзага ыйгарым укуктарыңызды күбөлөндүргөн ишеним кат алып келиңиз деп ишти “тоңдуруп”, мындайча айтканда токтотуп койгонбуз. Кечээ ушул ызы-чуу чыккандан кийин билсем алар документтерин өткөн жуманын аягында тапшырышыптыр. Бирок биз азыр тапшырылган документтерди изилдеп жатабыз, туурабы, туура эмеспи, аныкпы, анык эмеспи… Эгер бардыгы туура болсо кыргыз өлкөсү бир дагы эларалык уюмга, анын ичинде укук коргоо уюмуна кысым көрсөтүп каттабай койгон учур болгон эмес. Эгер бардык документтер мыйзамдуу болсо биз каттап беребиз.

- Ошол кеңсени текшерүү маалында Азиза Абдирасулова бул Адилет министри Марат Кайыповдун эл аралык уюмдарды текшергиле, алар Адилет министрлигинин көзөмөлү астында иш жүргүзсүн деген көрсөтмөсүнүн негизинде ушундай иштер болуп жатат деп билдирди. Мунун чындыгы барбы?

- Эми бир гана эл аралык уюмдар эмес бүткүл кыргыз өлкөсүндө катталып, Кыргызстандын ичинде алектенип жаткан өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар кыргыз мыйзамдарын сыйлап, аткарып иштеши керек. Туурабы? Анткени алар Кыргызстанда иштеп жатышат да. Андан кийин эларалык, кыргызстандык эмесмин деп өзү каалагандай аракеттерди жасайм деген туура эмес. Мыйзамда кандай укуктары болсо Ички иштер министрлигининби, же болбосо Коопсуздук комитеттинби, же Салык инспекциянынбы, же Финансы полициянынбы текшерүүгө укугу бар. Биздин мамлекеттик органдар бар да, алардын мыйзамда текшерүүгө укугу бар. Ошолор өздорүнүн ишин аткарганга бир эле укуктуу эмес милдетүү. Милдеттүү!

- Эми мындан ары эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен ушундай чатак болбошу үчүн тараптар кандай мыйзамдарды жетекчиликке алып, кандай тартип менен иштеш керек деген ойдосуз

- Биринчиден, мен муну чатак деп эсептебейм. Бул баягы бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр чыгарып, кыргызда жакшы сөздөр бар го, жылан чакпай, жылкы теппей деген. Мына ушундай кылып каттоодон өтө элек эл аралык уюмду биздин укук коргоочулар Азиза айым, Төлөкан айымга окшогондор ызы-чуу салып жатышат. Ачык айтканда Хельсинки комитети биздин өкмөттүк эмес уюмдардын, биздин укук коргоочулардын жактоосуна же алардын коргоосуна эч кандай муктаж эмес. Булар каттоодон өтпөй деле бизде иш-аракеттерди жасай берсе болот, мен болсо бул атайлап жасалган акция болсо керек деп ойлойм.

- Рахмат Марат мырза.

XS
SM
MD
LG