Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Апта: Курулушчу мэр келди, рублдин куну качты


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бул жумада Бишкек шаары жаңы мэрлүү болду, Ысык-Көлдө төртүнчү "Мекендештер" форуму өттү, АКШ Орусияга жаңы санкция киргизерин жарыялагандан кийин рубль кескин арзандап кетти.

Жаңы мэр, эски доомат

Бишкек шаардык кеңеши 8-августта Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кылып шайлады. Добуш берген 44 депутаттын бирөө гана анын талапкерлигине каршы болду.

Мэр шайлоо айрым жарандык активисттердин, шаардыктардын нааразылыгы менен коштолду. Добуш берген күнү мэриянын алдына 50 чакты адам чогулду жана анда атаандашы жок жалгыз талапкердин көрсөтүлүшүнө сын-доомат, шаардык кеңешти таратуу чакырыгы айтылды.

Жарандык активист Калича Умуралиева Суракматовдун ушул кезге чейин курулуш бизнеси менен алектенип келгенин белгиледи. Мындан улам ал кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал деген кооптонуусун билдирди:

- Шаардык кеңеште жалаң курулуш компаниясы барлар отурат. Эми курулушчу мэрди шайлаганы жатышат. Шаардыктар, жөнөкөй жарандар эмне кылышыбыз керек? Борбор калаа бетондолгон "жунглиге" айланды. Мыйзамдарда баары жакшы көрсөтүлгөн. Бирок ал шаардыктар үчүн иштебейт, жашоону жеңилдеткен эч нерсе каралбайт.

Курулуш тармагында үй-бүлөлүк бизнеси бар экени белгилүү 47 жаштагы Азиз Суракматовду мэрликке шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ал 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, төрагалык да кылган. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Жарандык коомдун акциясы. Бишкек. 8-август.
Жарандык коомдун акциясы. Бишкек. 8-август.

Азиз Суракматов негизги көйгөй катары жол, коомдук транспорт, жарыктандыруу өңдүү маселелерди атаган. Мэрияда коррупцияга каршы аёосуз күрөш болот деп убада берген.

- Шаарда 200 чакырым жаңы жол салууга, 400 чакырым эски жолду оңдогонго аракет кылыш керек. Советтер Союзунун убагындагыдай чоң автобустарды алып келүү зарыл. Ошол кезде миң чоң автобус, 400-500 троллейбус бар болчу. Шаарды көбүрөөк жашылдандырууга аракет кылышыбыз зарыл. 45 миң бак-дарак, 15 миңден ашык бадалдарды отургузуу абзел. Шаардын чет жактарын жарыктандырышыбыз керек. Эски шамдарды диоддук шамдарга алмаштыруу менен электр энергиясын 75-80 пайызга үнөмдөй алабыз. Коррупцияга жол бербешибиз керек. Коррупция менен күрөш мэриянын биринчи милдети болот.

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Суракматовдун мэр катары өзүн көрсөтүүгө 1,5 жылдай гана убактысы бар экенин белгиледи:

- Альтернативдүү шайлоо болсо, программалар атаандашса жакшы болмок. Бүгүнкү күндө бул кызмат чоң оор жүк, милдет, жоопкерчилик. Бул мэрдин мөөнөтү 1,5 жыл, 2020-жылга чейин иштейт. Анткени мыйзамга ылайык, жаңы шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин жаңы мэрди шайлоо болот. Ошондо кайра өзү мэр болобу же башка талапкер көрсөтүлөбү, айтор бул кыска мөөнөттөгү иш. Анын талапкерлигин көрсөтүп, жоопкерчилик алган партияларга жообун берет. Мырза Азиз Суракматов ошондой жоопкерчилик бар экенин билип жатат. Анын колдогондор көп болду, ошол колдоо дагы жоопкерчилик болуп эсептелет.

Бишкектин жаңы мэри шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

"Мекендештер": ар бир мигрант инвестор

Ушул жумада Чолпон-Ата шаарында четте иштеп жүргөн журтташтардын башын кошкон IV "Мекендештер" форуму өттү. Иш-чаранын тарыхында биринчи жолу ага президент катышты.

Сооронбай Жээнбеков анда кыргызстандык инвесторлор менен туруктуу иштеген кеӊеш түзүүгө убада берди. Мамлекет мекендештерге дайыма колдоо көрсөтөт деп ишендирди:

Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган форумга биринчи жолу президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 8-август, 2018-жыл.
Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган форумга биринчи жолу президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 8-август, 2018-жыл.

- Чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салсак, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештерибиз бар. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылууда. Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеңеш түзсөк, максатка ылайыктуу болот. Бул кеңешти президентке караштуу кылып түзсөм деген оюм бар. Сиздердин артыңарда калдайган элиңер, кызыкчылыгыңарды коргогон мамлекетиңер, ишенимдүү тылыңар бар.

Анткен менен “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул буга чейин деле премьер-министрдин деңгээлинде кеңеш түзүлгөнүн, бирок андан майнап чыкпай калганына токтолду. Ал "Мекендештер" форумунда Түркиядагыдай ар кандай жагдайда чет өлкөгө чыгып кеткен жарандарына колдонулчу “Көк карта” же “Мекен кардды” тактап айтканда, жарандыкты убактылуу токтотуп туруу системасын киргизүү демилгесин көтөрдү.

“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул
“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул

- Мындай форумдун көбүнө катыштык, демдүүсү Роза Отунбаева уюштурган форум болуп жатат. Бул жыйынтыгын берет деген үмүттөбүз. Биз көп эле форумга катышабыз, мекендештер келип, мамлекеттин этегине ыйлап-ыйлап кайра кете беребиз. Андан майнап чыкпайт, үзүрүн көрбөй келебиз. Мамлекет уга турганын угат, эл укчусун угат, болбосо жок. Мындан беш жыл мурда биринчи форумдун негизинде мыйзам кабыл алынган. Бирок ал жетиштүү иштебей калды. 2015-жылы өкмөт башчынын астында Мекендештер кеңеши уюштурулган. Бирок ал иштеген жок. Мен ошол кеңештин мүчөсү элем. Болгону бир гана жолу жолуктук. Кийин шайлоонун алдындагы бир жолугушууда "мамлекет колдоо көрсөтүшү керек" дегендей сөз болду. Мындай форумга биринчи жолу президент катышып жатат. Эгер мамлекет башчы айткандай кеңеш түзүлүп калса, бизди аябай кубандырат. Бул аябай чоң демилге. Экинчиден, "мекен кард" системасын ишке ашыруу болуп жатат. Ал ишке ашып калса биздин сегиз жылдык эмгегибиздин, ар бир форумда сайрап жаткан үнүбүздүн жеткени болот эле.

“Мекен кард” - системасына ылайык, жарандар шайлануу жана шайлоо, мамлекеттик мекемелерде иштөө укугунан ажыратылганы менен калган бардык жарандык укуктары сакталып калат. Эгер туулуп-өскөн жерине кайтып келе турган болсо, жарандыгы эч тоскоолдуксуз калыбына келет.

Форумда четте жүргөн кыргызстандыктар бир катар сунуштарды айтты. Маселен, Москвадагы курулуш компаниясынын жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков Орусиянын ири шаарларына Экономика министрлигинин же Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин өкүлчүлүгүн ачуу зарылдыгын билдирди:

Кубанычбек Осмонбеков.
Кубанычбек Осмонбеков.

- Ар бир мигранттын өзү эле инвестор. Жылына 2,5 млрд. доллар каражат которулуп жатат, ошонун 95 пайызы Орусиядан келет. Эгер Экономика министрлигинин же агенттиктин өздөрүнүн ишкерлик долбоорлору, сунуштары болсо, биз да карап көрөт элек, орус өнөктөштөргө сунуш кылат элек. Андан сырткары салыкты азайтуу болобу, башка колдоо болобу, шарт түзүлсө, Кыргызстанга каражат сала турган мекендештер көп. Азыр деле Кыргызстанга келип иш баштап жатабыз, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жок эмес. Мунун баарын жоюп, чечсе болот. Инвестицияны Орусиядан алып келгенибиз менен катардагы, Кыргызстандагы курулуш компанияларындай эле иштеп жатабыз. "Сыртта иштеген мекендештер экен" деген жеңилдик жок. Мындай айтсак угушпайт, ушундай форумдарда сөзүбүздү жеткирели деп келдик. Биз моралдык колдоого муктажбыз.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда мекендештердин экономиканы өнүктүрүү, билим берүү, балдарды жаштайынан илимге кызыктыруу боюнча иш-аракеттерди баштоо, укуктук жардам берүү маселелерин чечүү, сыртта билим алгандардын билим тажрыйбасын алуу, элчилик, диаспоралардын кызмат көрсөтүүлөрү, бизнес долбоорлор боюнча маалыматтык база түзүү сыяктуу сунуш-пикирлер кошулду.

Буга чейин мындай форум 2012-2014-жылдары Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.

Кыргыз армиясындагы чоңсунуу

Өтүп баратканда аптада Бишкектин этегиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү чуулуу жагдай ачыкка чыкты.

"Азаттык" радиосуна Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылды. Анда аскер жетекчилери быйыл жазында чакырылган балдарды башка бирөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып мазактап-кордогонун, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганын айтып беришти.

Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял...
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:56 0:00

Зордук-зомбулуктан улам жоокерлердин бирөө Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборуна жатып калганы белгилүү болгон. Жабырлануучулар "тиешелүү органдарга мындан туура эки ай мурда кайрылганбыз, бирок андан майнап чыкпай жатат" дешкен эле.

"Азаттык" бул окуя тууралуу жазып чыккандан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынганын кабарлады. Жоокерлер арызданган үч офицер иштен четтетилгенин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевге жоокерлерди кордогондорду мыйзам чегинде жоопко тартууну көзөмөлдөөнү тапшырды.

Рубль арзандады, мигрант убайымда...

Ал арада АКШ Орусияга дагы санкция киргизерин жарыялады. Буга ушул жылдын март айында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия Скрипалдын "Новичок" химиялык заты менен ууландырылышы негиз болду. Расмий Москва болсо атасы менен кызынын ууланышына катышы жок экенин айтып келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жаңы санкциялар 22-августта күчүнө кире турганын билдирди жана анын негизинде Орусияга миллиондогон долларлык товар жөнөтүү токтой турганын айтты.

Маселен, санкция күчүнө кирсе АКШда чыгарылган электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу технологиялык жана өндүрүштүк жабдыктар, авиация тармагында колдонулган электрондук буюм-тайымдарды экспорттоого тыюу салынат.

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин кездешүүсү, Хельсинки шаары, 16-июль, 2018-жыл.
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин кездешүүсү, Хельсинки шаары, 16-июль, 2018-жыл.

Расмий Вашингтон эгер Москва үч ай аралыгында мындан ары химиялык курал колдонбой турганы боюнча кепилдик бербесе, эл аралык инспекторлорду өлкөгө киргизбесе, анда санкциялардын экинчи бөлүгү жарыяланат деп эскертти. Бул этапта орусиялык ири "Аэрофлот" аба компаниясынын АКШга барган каттамдарын токтотуу өндүү чаралар бар.

АКШдагы орус элчилиги АКШнын жаңы чараларын "өтө катаал" деп мүнөздөп, "Скрипалдарды ууландыруу артында Москва турат" деген дооматтар негизсиз экенин билдирди. Элчилик Вашингтон да, Лондон да мындай дооматтарды бышыктаган бир да далил көрсөтө албаганын сынга алды.

- Кандайдыр бир фактылар же далилдер айтылган жок. Биздин тактоочу суроолорубузга АКШ купуялыкты жүйө тутуп, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты, - деп айтылат элчиликтин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Эмнеси болсо да АКШнын жаңы санкциялары тууралуу кабардан кийин рублдин наркы кыйла арзандап кетти. Орус биржаларындагы акциялардын баасы төмөндөдү. Орусиянын улуттук валютасы 3,1 пайызга наркын жоготуп, учурда бир доллар 65,55 рублди түзүп жатат. Бул орус валютасынын 2016-жылдын ноябрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүчү. Буга кошумча Москвадагы РТС биржасындагы акциялардын баасы үч пайызга арзандады.

Орусияда миңдеген кыргызстандык жаран иштеп, жашап келет. Кыргызстандык экономист Эркин Абдразаков рублдин арзандашы ириде мигранттарга сокку болорун айтты:

- Негизинен биз Орусиядан күйүүчү майдан сырткары, курулуш материалдарын да алабыз. Бир миллионго жакын жарандарыбыз ошол жакта тиричилик кылат. Рублдин арзандашы биздин мигранттардын тапкан-ташыганынын азайышына алып келет. Ошондой эле банк системасы дагы доллар менен иштөөнү чектей баштайт. Бул албетте чоң таасирин тийгизет. Себеби, Кыргызстандын бардык милдеттенмелери Орусиянын рубли менен эмес АКШ доллары менен эсептелет. Кыргызстандын ичинде деле доллар менен сүйлөшүп калган да.

Экономист Эркин Абдразаков кыргыз мигранттары Орусияда арзан күч болгон көрүнүштөн арылышы керектигине токтолду:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Мигранттар топтогон каражатын Кыргызстандын өзүнө инвестиция кылып салып, бизнес баштаса түзүгүрөөк болот эле. Биз азырынча Орусиянын экономикасына гана эң арзан инвестиция болуп келе жатабыз. Бул бир жагынан мекенчилдикке деле жатпайт. Өкмөт мигранттардын 2 миллиард доллардан ашык каражат түштү деп айтып келе жатат. Бул өлкөнүн экономикасына түшкөн жок. Мигранттар өз арбайын өзү согуп өзүнүн үй-бүлөсүнө инвестиция кылып жатат. Мамлекеттин жасай турган ишин мигранттар жасап жатат. Ушуну биздин чиновниктер туура түшүнбөй эле, мактанып, мигранттардын жанын карч уруп тапкан акчасын өзүнө ыйгарып алып, эрдик сыяктуу айтып жүрүшөт. Биз бул көрүнүштөн кетпесек болбойт. Мигранттардын тапканын, мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдаланып, аларга ыңгайлуу шарт түзүп бергендин ордуна, форумдарга чогулуп, ал жактан сөз сүйлөө менен гана чектелип жатышат.

Вашингтон буга чейин Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алганына, Украинанын чыгышындагы аракеттерине, 2016-жылы өткөн шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу Москвага бир нече жолу санкция салган. Апрель айында АКШ орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция жарыялаган.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG