Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:34

“Газпром” мектебин мэрияга кайтаруу талабы боюнча баштапкы соттук угуу өттү


“Газпром-Кыргызстан” ишканасы Бишкек шаарында курган мектеп.

Бишкектин район аралык сотунда “Газпром-Кыргызстан” ишканасы борбор калаада курган орто мектепти мэрияга өткөрүүнү талап кылган тургундардын арызы боюнча баштапкы угуу өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” даттануучулардын өкүлү Светлана Антропова билдирди. Анын айтымында, алар отурумда Бишкек шаардык кеңештен мектепти “Газпром-Кыргызстан” ишканасына берүү тууралуу меморандумду көрсөтүүнү талап кылышты. Антропованын белгилешинче, алар документти буга чейин ала албай коюшкан.

Натыйжада судья Нурия Бекбаева үчүнчү жак катары Бишкек шаардык мэриясын жооптуулардын катарына кошуп, соттук отурумду 2020-жылдын 9-январь күнү, саат 15:00гө белгиледи. Шаардын тургундары быйыл 15-ноябрда сотко кайрылышкан.

Орусиянын «Газпром-Кыргызстан» ишканасы быйыл Бишкек шаарынын түштүк тарабында 960 орундуу мектептин имаратын куруп, мэрияга өткөрүп берген. Кийин аны кайра өзүнө 20 жылга ижарага берүүнү сураганы айтылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары мектептин бир жылдык чыгымы 200 миллион сом болорун, аны Бишкектин бюджети көтөрө албай турганын жазып чыгышкан. Быйыл 31-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессияга чогулуп, мектепти кайра «Газпром-Кыргызстан» мекемесине өткөрүп берүүнү бир добуштан колдоп беришкен. Ошондон бери компания мектепти өзү каржылап, иштетип келе жатат.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы мындан ары да Кыргызстандын ар бир облусуна бирден мектеп салууну пландап жатат. «Кыргызгаз» 2013-жылы Орусиянын «Газпром» компаниясына 1 долларга сатылган соң ушул ишкана түзүлгөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG