Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Байден полициянын огунан жараланган Блейктин үй-бүлөсү менен жолукту


Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден.
Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден.

АКШда 3-ноябрдагы өтө турган президенттик шайлоого демократтардын атынан катыша турган мурдагы вице-президент Жо Байден полициянын огунан жараланган афроамерикалык Жейкоб Блейктин үй-бүлөсү менен жолукту.

Ал расалык теңсиздикке каршы акциялар өткөн Висконсин штатынын Кеноша шаарына 3-сентябрда барды. «Associated Press» жаңылыктар агенттиги Байден Блейктин үй-бүлөсү жана адвокаты менен аэропортто кездешкенин, алардын жабык жолугушуусу бир сааттан ашык убакытка созулганын жазды.

23-августта Кеношада полиция кызматкерлери афроамерикалык жаран Жейкоб Блейкти кармаганга аракет кылып, аны жети жолу аткан. Үй-бүлөсү Блейктин белинен ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай жатканын билдирген. Өткөн аптада бул окуяны айыптаган нааразылык акциялары башамаландык, талоончулук менен коштолуп, шаарда автоунаалар, имараттар өрттөлгөн болчу.

1-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп да Кеноша шаарына барып, тополоң маалында зыян тарткан бизнес объектилерин кыдырган. Бирок ал ооруканада жаткан Блейктин үй-бүлөсү менен жолуккан эмес.

Трамп Кеношада болгон окуяларды «тынч акция эмес, ички террор» деп мүнөздөгөн. 31-августта демократтардын талапкери Жо Байден Пенсильваниядагы кайрылуусунда президент Трампты «саясий зомбулукту козутту» деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG