Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Кыргызстандын ЛГБТ коомчулугу саясий топторго кайрылды


Түркүн түстүү желек - ЛГБТ коомчулугунун байрагы.
Түркүн түстүү желек - ЛГБТ коомчулугунун байрагы.

Кыргызстандын ЛГБТ платформасы социалдык топторду шайлоо маалында терс өңүттө пайдаланбоого чакырды.

14-сентябрда таратылган билдирүүдө айтылгандай, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында ЛГБТ-адамдар социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында душман катары сыпатталып, айрым саясий партияларды «дискредитациялоо» максатын көздөп жатат.

«Тилекке каршы, коомдун бөлүнүп-жарылуусу, ЛГБТ-жарандардын чыныгы абалын, күн сайын кабылып жаткан көйгөйлөрүн билбестиги жана ыплас саясий манипуляция саясатчыларга упай топтоп берет. Кыргызстандын ЛГБТ-платформасы Жогорку Кеңешке аттанган бир да саясий партия менен жана бир да талапкер менен кызматташпай турганын, байланышы жоктугун билдирет», деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле соңку жылдары бийлик өкүлдөрү саясий манипуляция максатында ЛГБТ-адамдарга каршы такай терс образ түзүп жатканы сындалган.

Кыргызстанда жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын укук коргоочулар айтып жүрүшөт. 2019-2020-жылдары 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүн айрымдар «гей-парад» деп баалашкан.

Жарандык активисттер коррупцияга каршы эки жолу уюштурган #ReАкция митингин «ЛГБТ топтордун акциясы» катары сыпаттагандар болгон. ЛГБТ коомчулугу аны четке каккан.

Парламенттик шайлоо алдында соцтармакта «ЛГБТнын укугун коргойт» деген өңүттө айрым партияларды сындаган посттор жазылган.

Кыргызстандын ЛГБТ платформасы - укук коргоочулардын, активисттердин бейформал уюму. 2014-жылдан бери ишмердик жүргүзөт.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG