Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Эки өлкөнүн президенттери Эмомали Рахмон (солдо) жана Сооронбай Жээнбеков (оңдо) кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселени сүйлөшүү учуру. Кыргызстандын Баткен облусу, Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын кесилишинде. 12-август, 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонду 5-октябрь, туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында:

«Сиздин жетекчилигиңиз менен Тажикстан өз жолун таап, өлкөдө тынчтыктын бекемделишине жана гүлдөп өнүгүшүнө жетишүүгө кадам таштады. Сиз Тажикстандын социалдык-экономикалык абалынын бекемделишине жана эл аралык коомчулукта абройго ээ болушуна жетиштиңиз. Сиздин колдооңуз менен Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин достук, ынтымагы жана кызматташтыгы артарына ишенем», деп жазылган.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакыт жана мамлекеттик маанилүү иштерине ийгилик, ал эми тажик элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG