Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Таласта жол кырсыгынан каза болгон адамдын жакындары өлкө жетекчилигине кайрылышты


Таласта жол кырсыгынан каза болгон Аскат Асыкуловдун үй-бүлөсүнүн тарапташтары. 2020-жылдын 22-октябры.

Талас шаарында жол кырсыгынан каза болгон адамдын жакындары жана жергиликтүү активисттер соттук териштирүү калыс өтпөй жатканын айтып чыгышты. Алар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго видео кайрылуу жиберип, адам өлүмүнө шектүү киши жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылып жатканын билдиришти.

Активист Адилет Токторбаев облустун мурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин кеңешчиси катышкан жол кырсыгы боюнча иште экспертизанын жыйынтыгы бурмаланганын белгиледи:

«Талас-Тараз-Суусамыр автоунаа жолунан 1994-жылы туулган Аскат деген инибизди ошол убактагы губернатордун кеңешчиси мас абалында машинеси менен коюп кеткен. Сизден гана акыйкат, калыстык сурап кайрылууга туура келип жатат. Себеби, экспертизанын жыйынтыгы менен биздин инибиздин канында да алкоголь болгон деп туура эмес корутунду чыгарышты. Губернатордун кеңешчиси ошол убакта мас экенине карабай жоопкерчиликтен качып жатат».

Каза болгон Аскат Асыкуловдун атасынын айтымында, уулу 7-класстан бери намаз окуп жүргөн.

Облус башчысынын кеңешчиси Марслатбек Шералиев катышкан жол кырсыгы ушул жылы 30-июлда катталган. Машине жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти коюп кеткен. Аскат Асыкулов ооруканада каза тапкан. Ал бир үйдүн жалгыз баласы болчу.

Шералиев учурда облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Милиция билдиргендей, анын бөгөт чарасы боюнча маселе 26-октябрда каралат.

Кылмышка шектүү жана анын жактоочулары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Факт Жазык кодексинин 297-берене («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталган. Облустук милиция Шералиев мас абалында болгону аныкталганын билдирген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөдө 4 694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG