Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Саясаттын илеби урган сурак


Жогорку Кеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин төрт депутаты октябрь окуяларына байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды.

Министрлик Бишкекте болгон башаламандыктар боюнча кылмыш иштери козголгонун, тергөөнүн жүрүшүндө бир катар адамдар күбө катары суралып жатканын билдирди. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары конституциялык реформаны колдобогону үчүн суракка чакырылганын айтып, акыркы окуяларды саясий ишмердикке байланыштырып жатышат.

Арты-артынан суракка чакырылган депутаттар

19-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылган депутаттар Жанарбек Акаев менен Мирлан Жээнчороев экөө тең барган эмес. Жээнчороев суракка ден соолугуна байланыштуу барбаганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов «Азаттыкка» эл өкүлдөрү парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-6-октябрда өткөн нааразылык акциялары жапырт тополоңго айланып, бийлик алмашкандан кийин 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдерге байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын кабарлады.

Бакыт Сеитов.
Бакыт Сеитов.

«Ушул окуялар жана фактылар боюнча Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук ишмерлер бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу мен көп нерсени айта албайм. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап жыйынтык чыгарыш керек. 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга катышкан, аны билген, ал окуяларга түздөн-түз аралашып жүргөндөр тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМ күбө катары гана сурап жатат».

Сеитов октябрдагы окуяларга байланыштуу жапырт башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү, жеке мүлккө зыян келтирүү жана башка беренелер менен беш-алты кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Конституция боюнча пикирден кийин келген чакыруу

Жанарбек Акаев менен Мирлан Жээнчороевден кийин эле дагы эки депутат Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошев 20-ноябрга ИИМге суракка чакырылганы белгилүү болду. Чакыруу кагазында алар күбө катары суракка алынары жазылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен барган депутат Рыскелди Момбеков 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдин жигердүү катышуучусу болгон. Ал да ушул эле иш боюнча суракка чакырылып жатканын божомолдоп, бул боюнча азыр кызматта отурган бир катар жетекчилер көрсөтмө бериши керек деген ою менен бөлүштү:

«Октябрдагы окуялар боюнча суракка чакыра турган болсо алардын арасында Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов, Камчыбек Ташиев да бар. Аларды чакырбай бизди чакырганында мандем бар го деп ойлоп атам. Эмне үчүн бир жарым ай өткөндөн кийин чакырат? Ала-Тоо аянтындагы окуяга менден башка деле күбөлөр бар болсо керек. Максат Мамытканов, Элвира Сурабалдиева – эки вице-премьер-министр бар. Муну «саясий куугунтук» деп айтканга болбойт, бирок саясий куйтулук. Анткени тандалма иш жүрүп жатат. Башкаларга «бармак басты көз кысты» болууда».

«Ата Мекен» партиясынан шайлоого катышкан дагы бир депутат Эмил Токтошевге да ИИМдин Тергөө кызматынан күбө катары суракка чакырылганы тууралуу кагаз келген. Токтошев мунун алдында эле Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылган депутаттардын тизмесине киргенин, бирок авторлордун катарында эмес экенин айтып чыккан жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдобой турганын ачык билдирген. Ал ИИМге суракка чакырылышын Конституция боюнча позициясы менен байланыштырууда:

«Менин пикиримде, депутаттар саясий көз карашына байланыштуу суракка чакырылып жатат. Биринчиден, биз Конституцияны өзгөртүү боюнча позициябызды ачык айттык. Ошондуктан баарыбызга чакыруу кагазы келди. Октябрдагы окуялардагы башаламандык десек, азыркы бийлик өзү башаламандык менен келбедиби. Биз бийликти басып алган жокпуз. Азыр бийликте да эмеспиз. 12 партия 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп чыккан. Бизде бийликти басып алалы деген максат болгон эмес».

Төрт депутатка тең келген ИИМдин чакыруусунда Тергөө кызматынын Орунтаев аттуу тергөөчүсүнүн аты-жөнү жазылып, колу коюлган.

Ич ара саясий тирештин илеби

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Кийин Султанбеков менен Асанов үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калган.

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына каршы нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков депутаттардын суракка чакырылышы тууралуу пикири менен бөлүштү:

Темирбек Асанбеков.
Темирбек Асанбеков.

«Бул көрүнүш Кыргызстандагы саясий кырдаалды курчутат. Жогорку бийлик ошол тынчтык митингинин талабын угуп, кабыл алып койгондо тополоң да болбойт эле. Ошол учурда кээ бирлери эйфорияга кирип кетишти. Ар ким өз саясий кызыкчылыгын коргоду. Эгерде биз ага юридикалык баа беребиз деп куугунтуктоо башталса, мамлекет туңгуюкка барып такалат. Мен азыркы окуялар ич ара саясий тирештин уландысы деп ойлоп жатам».

5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингде 12 партия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгырап, жаңы шайлоо дайындоо тууралуу билдирүү жасашкан. Алар: «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Ордо» жана «Социал демократтар» партиялары. Ал билдирүүгө «Мекенчил» партиясынан башка партиялардын жетекчилери, өкүлдөрү кол коюшкан.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги. 14-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги. 14-октябрь, 2020-жыл.

Комиссия түзүү чакырыгы

«Чоң Казат» партиясынын лидери, октябрь окуяларынан кийин вице-премьер-министр болгон Максат Мамытканов ага ИИМден чакыруу келбегенин айтып, буларга токтолду:

«Баары мыйзамдын чегинде иликтениши керек. Мисалы, биз шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон беш партия митингге чыкканбыз. Митинг башталганда беш эле партия бар болчу. Калгандары кийин кошулган. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Ошонун негизинде кандай суроолор берилет көрөбүз».

Кыргызстанда 5-октябрда башталган митинг-пикеттер дээрлик октябрь айынын орто ченине чейин токтогон жок. 9-октябрда Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураган.

Жапаровдун тарапташтары экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырганга чейин өкмөт үйүнүн алдында күн сайын митинг өткөрүп, Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып турушту.

Октябрь окуяларынын катышуучусу «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бул боюнча көз карандысыз комиссия түзүлүп иликтениши керектигин, саясий куугунтук башталса ал дагы бир башаламандыкка алып келерин айтты:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«5-9-октябрдагы окуяларды «революция, төңкөрүш, бийлик алмашуу» деп айтып жатышат. Буга ИИМ эмес, атайын комиссия түзүлүп баа бериш керек. Эгерде депутаттар суракка чакырылса, митингге катышкан 12 партиянын тең мүчөлөрү чакырылышы зарыл. Себеби, биздин да айта турган сөзүбүз бар. Ошол эле Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдун тарапташтары да чакырылышы керек».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда болгон Бишкектеги нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин, УКМКнын имаратын талкалап салышкан.

Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Жапаров 10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарып жатат.

"Эксперттер талдайт": Жаңы өкмөт жана жаңы шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:20 0:00

XS
SM
MD
LG