Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

УКМК: Чет элдик жаран пара берип жаткан жеринен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк эки жаранды Мамлекеттик чек ара кызматы менен чогуу кармады.

Алар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалышты. Азырынча кармалгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жашыруун.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган адамдардын бири Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып, коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө бекеттен тышкары жерден мыйзамсыз өтүп кетиш үчүн акча сунуш кылганы аныкталды.

Бул факт Жазык кодексинин 328-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG