Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

«Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов тергөө бүткүчө камакка алынды


Кадыр Досоновду кармоо учуру (УКМК тараткан сүрөт).
Кадыр Досоновду кармоо учуру (УКМК тараткан сүрөт).

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун бөгөт чарасын карап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева соттук олтурумдан кийин журналисттерге кабарлады.

УКМК 11-февралда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келингенин кабарлаган.

Анын алдында адвокат Назгүл Сүйүнбаева Досонов УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын «Фейсбук» баракчасына жазган.

Жактоочу аны Бишкекке алып келүү учурунда кардары сабалганын белгилеп, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын кабарлады.

Атайын кызмат 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган.

Кадыр Досонов ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (ErN)

Дагы караңыз

XS
SM
MD
LG