Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Песков Орусия Евробиримдик менен мамилесин үзүүнү каалабай турганын айтты


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзүнүн мааниси бурмаланып калганын белгилеп, Орусия Евробиримдик менен мамилесин үзүүнү каалабай турганын билдирди.

Эгер Европа Биримдиги расмий Москвага карата санкциялык режимин катаалдата турган болсо орус бийлиги бул бирикме менен кызматташтыгын токтотууга даяр экенин Лавров 12-февралда телеинтервьюсунда айткан. Министр мындай кадамга Орусия эгер өлкөнүн экономикасына коркунуч жарата турган санкциялар болсо барарын белгилеген.

Песков Орусия Европа Биримдиги менен кызматташтыгын токтотууну каалабай турганын белгилеп, ошол эле учурда "Бирок эгер Евробиримдик ошондой жол менен бара турган болсо, ооба, биз даяр болобуз" деп кошумчалады.

8-февралда Европа Биримдигинин жетекчилиги Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтому даярдалып жатканын билдирип, муну орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы менен байланыштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG