Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Коронавирус дагы 44 адамдан табылды


7-мартка карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда дагы 44 адамдан коронавирус табылды. Мурда ооругандардын арасынан 46 адам сакайды. Каза болгондор жок.

  • Илдет жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында - 21;
  • Ысык-Көл облусунда - 12;
  • Чүй облусунда - 5;
  • Нарын облусунда - 4;
  • Ош шаарында - 2 адамдан оору чыкты.
  • Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынан ооруга чалдыккандар аныкталган жок.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 вирусун жуктургандардын саны расмий эсепте 86 550гө жетти. Алардын 83 530у айыгып, 1471и көз жумду.

Ооруканада 14 бейтап өтө оор, 88и оор, 241и орточо оор абалда жатканын Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 7-мартка карата 116 миллион 468 миңден ашты. Алардын 2 миллион 587 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.

Бир катар мамлекеттерде илдетке каршы эмдөө башталды. Кыргызстанда быйыл марттан вакцинаны камдап, жайында эмдөө башталары расмий кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG