Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:54

Кыргызстандын футбол курамасы Непалда мелдешке катышууда

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын машыгуу учуру. Непал. 2021-жылдын, 23-марты.
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын машыгуу учуру. Непал. 2021-жылдын, 23-марты.

Непалда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын оюнчулары (U-23) мелдеш алдында алгачкы машыгууларын өткөрүштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук биримдиги маалымдады.

Өлкөнүн жаштар курамасынын оюнчулары (U-23) Непалда башталуучу "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышуу үчүн 21-мартта учуп кетишкен.

Бул курама топто 23 жашка чыга элек футболчулар ойнойт.

Алардын тизмесин бул жактан көрүңүз.

Кыргызстан 23-мартта Бангладештин улуттук курамасы менен беттешет.

Андан кийин Непал менен ойномокчу.

Буга чейин бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын футболдук биримдиги өлкөнүн жаштар курамасын жиберүү чечимин кабыл алышкан. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG