Таласта сууга акканы кабарланган эки жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1-май күнү саат 22:45 чамасында Манас районунун Арал айылындагы дарыяга агып кеткен наристени куткаруучулар беш саат издеп табышкан эмес. Бүгүн таңга жуук кыздын сөөгүн туугандары табышты.
12-апрелде Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында да эки жаштагы кыз сууга агып кеткен. Анын сөөгү табыла элек.
Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жай мезгилинде), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. 2020-жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек. (MKt)
Дагы караңыз
Facebook шеринеси