Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Шайлоону жокко чыгарткан админресурс


Шайлоо
Шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоону жокко чыгарды.

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 млн. сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган.

Бишкек: Топтолгон добуштар жараксыз

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аймактык шайлоо комиссиясынын 12-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Буга шайлоого катышкан Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтеттилип, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болду.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы баш-аягы 30 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашып, шайлоого катышкандардын жалпы санынын 45,02% түздү.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жарандардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү керек. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов эми маселени Борбордук шайлоо комиссиясы карай турганын билдирди.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болгон. Жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. 12-майда аймактык шайлоо комиссиясы “Эмгек”, “Ак-Бата” партияларын шайлоодон четтетти.

Ош: Жапырт каттоо, добуш сатып алуу

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын да жокко чыгарды. БШК мыйзам бузууга көз жумган Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин карай турган болду.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, административдик ресурс колдонуу тууралуу үч иш сотко өткөрүлүп, бир нече иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Административдик ресурсту кыянаттык менен колдонгон учурлар бар. Айрым шайлоо тилкелеринде муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер жүргөн. Добуш берүү тилкесине кирип шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө тоскоолдук кылган, мэриянын тапшырмасы менен жүрөбүз деген фактылар болгон. Ош шаарынын вице-мэри кечкиге чейин шайлоо тилкелеринде жүрүп, тиешелүү көрсөтмөлөрдү бергени аныкталды. Административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу боюнча укук коргоо органдарынын кароосунда бир нече иш тергелип жатат. Үч иш сотко өткөрүлдү. Сотко чейинки өндүрүштө дагы бир нече иш бар. Добуштарды сатып алуу фактысы негизги себептердин бири. Добуш сатып алуу үч шайлоо участогунда катталды. Белгиленген беткап менен жүргөндөр да ушул категорияга кирет”.

Ош шаарында өткөн шайлоо боюнча 170 арыз түшкөн. 27 шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыкты. Буга чейин Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине шайлоону өттү деп тааныган. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууга көз жумган Ош АШКнын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо чечимин да кабыл алды.

Боршайком президентке кайра шайлоо дайындоо тууралуу кайрылуусунда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлерди кийинки шайлоого катыштырбоо сунушун берди.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун кайра шайлоого катышуудан четтетиле турган талапкерлерди иликтеп чыгуу керектигин белгиледи.

“Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлер жөнүндө иликтешибиз керек. Биз үч талапкерди билебиз. Аймактык шайлоо комиссиясы вице-мэр Жасур Азимов жана дагы эки адамдын талапкерлигин шайлоого кийлигишкени үчүн жокко чыгарган. Азыр добуш сатып алган, административдик ресурс колдонгон, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылган талапкерлер укук коргоо органдары тарабынан аныкталса, шайлоого катыштырылбайт”.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышкан. "Ата-Журт Кыргызстан" 11-апрелде өткөн шайлоодо жалпы 28 шаардык кеңештин 21ине ат салышкан. Анын көбүндө 7% чектен өтүп, жеңишке жеткен. Бишкекте 4-орунду алса, Ош жана Жалал-Абад шаарында 1-орунда келген.

Бул партиянын артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев турганы айтылып келет. Ташиев маектеринин биринде мындай дооматтарды төгүндөп, партияга тиешеси жоктугун айткан. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев "Ата-Журт Кыргызстандын" атынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болду.

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Ыйман-Нуру”.

Алты партия - “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” - жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон. Алар "шайлоо ыплас өттү" деп Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барганын айтышкан жана мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.

Ош шаарынын мурдагы мэри, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Боршайкомдун чечимин колдой турганын билдирди. Мырзакматовдун айтуусунда административдик ресурс колдонгон Ош шаарынын жетекчилигинин жоопкерчилиги дагы каралышы керек.

“Жасур Азимов шайлоодон гана четтетилбестен, жоопкерчилиги да каралыш керек. Ал эми Ош шаарынын жетекчилиги түздөн-түз басым жасап, ачык түрдө административдик ресурсту колдонду. Тийиштүү органдар фактыларды аныктаса, жазага тартуу керек деп эсептейм. Боршайкомдун чечиминде "админресурс колдонгонго катышкан жетекчилердин баарынын жоопкерчилиги каралсын, мыйзам бузууга катыштыгы бар талапкерлер тизмеден четтетилсин" деп так жазылып турат. Эми Аймактык шайлоо комиссиясы канчалык аны аткарат белгисиз. Анткени алар мурдагы бийликтин адамдарынан түзүлүп калган. БШКнын чечиминде АШКнын да жоопкерчилиги каралсын деп турат. Ким ушунча чыгымга дуушар кылды, себеби ар бир шайлоо бул акча, болгондо да мамлекеттин акчасы. Чыгымга кириптер кылган адамдардын баарынын жоопкерчилиги каралыш керек".

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду четке какты.

Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

“Жеңилген тарап жеңген тарапка ушинтип айтат. Буга чейин да айтылган, мындан кийин да айтылат. Мен мэр катары баарына калысмын. Эгер бирөөндө мен административдик ресурс колдонгон, элди үгүттөгөн факты болсо берсин, моюнга алам. Мен калыс бойдон турам деп сөз бергем, убадамды аткардым. Ар бир партия өзүнүн колунан келишинче иштеди”.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жапырт каттоого туруу фактысын негиз кылып жокко чыгарган. Токмокто шаар мэри Данияр Амангелдиев жетектеген "Эмгек" партиясы көпчүлүк добушту алган.

Токмоктогу шайлоодо “Республика” партиясын баштап барган Рустам Кадыркулов 11-апрелде өткөн шайлоодо административдик ресурс колдонулганын айткан эле.

"Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыкты жокко чыгарганга аргасыз болду. Эң чоң мыйзам бузуу - бир батирге жүздөгөн адамдын катталышы. Андан башка административдик ресурс колдонулду, шайлоо күнү үгүт жүрдү. Бир канча мыйзам бузуу боюнча арызданганбыз. Баарын чогуу карап туруп, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып берди. Токмоктун мэри, шаардык кеңештин төрагасы, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, мэриянын бөлүм башчылары “Эмгек” партиясынан талапкер болуп чыгышкан”.

Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев админресурс колдонду деген айыптарды четке кагып, шайлоо болсо кайра утуп келишерин билдирген.

Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча БШКга арызданган “Бир Бол” партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Шаирбек Маматокторов добуш берүү жокко чыкканы менен ага себепкер болгон жергиликтүү бийлик башчыларынын жоопкерчилиги каралбай калып жатканын айтууда.

“Биз арызыбызда Ош шаарынын мэринин, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин, шайлоо участокторунун жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону талап кылганбыз. БШК чечиминде жоопкерчиликке тартыла турган чиновниктердин атын атаган жок. Мисалы, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү жөнүндө айтышты, бирок чечимге алардын атын да жазган жок. Шайлоо жокко чыкканы менен чиновниктердин жоопкерчилиги каралбай жатпайбы. Кайра шайлоо болгондо мыйзам бузган оюнчулар ошолор эле болот. Алар шайлоо ишине аралашканын мыйзам бузуу катары эмес, сыймык көрөт. Биз жакшы кошомат кылып жатабыз, байкагыла, көргүлө деп, журналисттер тартса жашыргандын ордуна мактанат. Региондордо ушундай нерсе калыптанып калган”.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Баш мыйзамга кол коюп жатып жасаган кайрылуусунда 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу да айткан.

“Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени, административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоодо байкалды. Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылабыз. Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет. Боршайком жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем. Биз добуш сатып алуу жолу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экенин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек”.

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоого 9 млн. сом коротулган. Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоого дагы ушунча каражат жумшаларын билдирди.

Шайлоо: БШКга доомат жана талап
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:54 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG