Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Рим папасы Францисктин абалы жакшы экени айтылды


Рим папасы Франциск. Май, 2021-жыл.

84 жаштагы понтифик жекшемби күнү жоон ичегисине жасалган операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатканын Ватикандын маалымат кызматы кабарлады. Расмий өкүл Маттео Бруни папанын операциясы алдын ала пландалганын, ал жалпы берилген наркозду "жакшы көтөргөнүн" айтты.

Рим папасы Франциск операцияга чейин бир нече саат мурун Ыйык Петр соборунда миңдеген адамдардын алдында сыйынуу жөрөлгөсүн өткөргөн. Сыйынуу учурунда папа сентябрь айында Словакияга, анын алдында Будапештке барууну көздөп жатканын айткан.

Бул - папанын 2013-жылы Римдеги католик чиркөөсүнүн башына келгенден берки алгачкы дарылануусу. «Би-Би-Синин» маалыматына караганда, 2014-жылы ал ашказан оорусунан улам бир канча иш-чараларга катыша алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG