Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

30 миң гектар эгин аянты чегирткеден тазаланды


Чегиртке.
Чегиртке.

Кыргызстандын Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк коопсуздугу фондунун жана Жапониянын JIKA уюмунун көмөгү менен 30 миң гектар аянттагы эгинди зыянкечтерден арылтуу иштерин жүргүздү. Министрликтин Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан Жалал-Абад облусунда 14 510 га, Ош облусунда 5550, Баткенде 8700, Чүй облусунда 1230 гектар жердеги чегирткени жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Учурда Чүй, Талас жана Нарын облустарында анын уюктарын аныктоо жана жок кылуу иштери жүрүп жатат.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылы 70 миң гектарга чейинки аянттагы эгинди зыянкечтерден коргоо пландалган.

Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өтүнүчү менен 2020-жылдан тартып, БУУнун Азык-түлүк коопсуздугу фонду тарабынан Кыргызстанда чегирткелерди жок кылуу багытында атайын долбоор ишке кирген. Анын алкагында зыянсыздандыруучу химиялык заттар, тиешелүү жабдуулар сатып алынып, эгин талааларын зыянкечтерден залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы бюджети 250 миң доллар.

Кыргызстанда эгинге залал келтирүүчү чегирткелер Фергана өрөөнү жана Казакстан менен чектешкен аймактарды мекендешет. Кыргызстанда зыянкеч чегирткенин (саранча) алты түрү кездешет. Анын ургаачысы иштетилбеген талааларга 100-150 жумуртка таштайт. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйүүгө жөндөмдүү. Чегиртке күнүнө 100 чакырымга чейин аралыкты учуп өтө алат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG