Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Ооган-өзбек чек арасында машыгууга катышкан орусиялык аскерлер кайтып кетишти


Термездеги машыгуу. Өзбекстан. 6-август, 2021-жыл.
Термездеги машыгуу. Өзбекстан. 6-август, 2021-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округу маалымдаганын "Интерфакс" жазды. Орусиялык аскерлер Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Термез полигонунда жергиликтүү жоокерлер менен кошо машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу 2-6-август күндөрү өтүп, ага 1,5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты. Мындан тышкары Орусиянын Ту-22М3 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактары да катышкан.

9-10-август күндөрү Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлеринин катышуусунда машыгуунун финалдык этабы тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан Хатлон полигонунда өтөт. Үч тараптуу машыгууга 2,5 миңдей аскер кызматкери катышкан үч тараптуу машыгуу Тажикстанда 5-августта башталган.

Машыгуулар АКШ аскерлеринин чыгып кетүүсү менен Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Өзбекстан менен Тажикстанга "аймактагы кырдаалды тескөө жана террордук коркунучтардын алдын алуу" максатында курал берүү көбөйтүлгөнүн билдирген.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин "Талибан" кыймылынын аракеттери күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

XS
SM
MD
LG