“Центерра Голд” компаниясы 2021-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгын жарыялады. Кумтөргө тышкы башкаруунун киргизилиши канадалык компаниянын кирешесине кандай таасирин тийгизди?
Торонтодо катталган “Центерра Голд” компаниясы 2021-жылдын экинчи кварталындагы же апрель, май жана июнь айларындагы киреше жана чыгымдары тууралуу 10-августта телефон конференциясын өткөрдү.
Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү колдон чыгарган учур дал ушул экинчи кварталдын жарымына туура келгендиктен, “Центерра” өз отчетунда бул кендеги ишмердикти 15-майдан тарта “токтотулган же уланбай калган операция” деп мүнөздөдү.
“Центерранын” финансы маселелери боюнча жетекчиси Даррен Миллман компания Кумтөрдү көзөмөлдөбөй калганына байланыштуу миллиондогон доллардык жоготууга учураганын айтты.
“15-майга чейин Кумтөр кенинде 44,8 миллион доллардык таза киреше катталган. Кумтөргө көзөмөл жоголгонуна байланыштуу өзгөрүүлөрдөн улам 926 миллион доллардык чыгым катталды”, - деп билдирди Даррен Миллман.
Бирок “Центерранын” расмий отчетунда бул чыгым же жоготуу кандай эсептелгени так түшүндүрүлгөн жок. Болгону накталай эмес чыгым деп белгиленген.
Президент Садыр Жапаров жана Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк. Кумтөр, 15-июнь 2021-жыл.
Отчет Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенине байланыштуу “Центерра” экинчи кварталда мурдагыдан аз алтын өндүргөнүн көрсөттү. Отчетко ылайык, “Центерра” экинчи кварталдын алгачкы 44 күнүндө же 1-апрелден 15-майга чейин Кумтөрдө 1,4 тоннадай алтын өндүргөн. Түркия жана Канададагы башка эки кенде чыгарылган алтындын жалпы көлөмү 2 тоннага чукулдаган. Баарын кошкондо “Центерранын” үч ай ичиндеги алтыны 3,4 тоннаны түзгөн.
Бул биринчи кварталга жана былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла аз. “Центерра” быйыл биринчи кварталда (январь, февраль, март) же Кумтөрдүн алтынына ээлик кылып турган учурда баш-аягы 4,5 тоннадай алтын өндүргөн. 2020-жылдын экинчи кварталында болсо 6,2 тонна алтын чыгарган. Анын беш тоннага чукулу Кумтөрдүн алтыны эле.
Кумтөргө байланган киреше
Натыйжада, соңку отчетко ылайык, компаниянын экинчи кварталдагы жалпы кирешеси биринчи кварталга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азайды. Маселен, 2021-жылдын алгачкы үч айында “Центерранын” жалпы кирешеси 401,8 миллион доллар болсо, андан кийинки үч айда бул сан 202,2 миллион долларга чейин төмөндөдү.
“Центерра” Кумтөрдөн тышкары Канадада Маунт Миллиган жана Түркиядагы Өксүт кендеринде алтын жана жез өндүрөт. Ошондой эле АКШда молибден менен иштеген компанияга да ээлик кылат. Ошентсе да узак жылдардан бери “Центерранын” кирешесинин орчундуу бөлүгү Кумтөрдөн түшүп турган. Мисалы, 2020-жылдын отчетуна ылайык, былтыр “Центерра” бардык кендеринен 23 тоннадан ашык алтын өндүрсө, анын 16 тоннага чукулу Кумтөрдөн чыккан.
Кыргыз бийлиги Кумтөргө байланыштуу келишимдерди денонсациялоо аракетин баштаганын эске алганда, “эгер “Центерра” Кумтөрдү колдон чыгарса, канчалык баалуу компания бойдон калат?” деген суроо туулат. “Центерранын” президенти Скотт Перри 10-августтагы телефон аркылуу конференциясында компаниянын башка кендери бар экенин эске салып, кыргыз өкмөтү менен диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.
“Биз мурда кылып келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү уланта беребиз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, биз Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда оорчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деди Скотт Перри.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
2/21Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
3/21Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
5/21Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
7/21Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
8/21Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
9/21Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
10/21“Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
11/21Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
12/21Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган жай талапка ылайык эмес курулганын айтат.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
13/212021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
14/21Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
15/21Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
16/21Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
17/21Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
18/21«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
20/21Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Артка
Алдыга
Ошентсе да “Центерра” Кумтөргө байланыштуу соңку жагдайлардан улам 2021-жылдын соңуна жана 2022-2023-жылдарга карата божомолдорун өзгөрттү. Ага Кумтөр алтын кени кошулган жок. Планда алдыңкы жылдары Түркиядагы Өксүт кенинде алтын өндүрүшү көбөйө турганы белгиленди.
Акциялар арзандады
Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.
Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.
Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Маселен, 11-августта Торонто биржасында “Центерранын” бир акциясы орточо 9,5 Канада долларына сатылды. Бул бир мурдагы баага салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз. Былтыр август айында “Центтеранын” акциясы 18-19 Канада долларына чейин көтөрүлгөн болчу.
Акциялардын арзандашынан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26 пайыздык үлүшүнүн наркы да төмөндөдү. Бир жыл мурда “Кыргызалтындын” канадалык компаниядагы жалпы үлүшү 1 миллиард 100 миллион АКШ долларынан ашып турса, учурда ал 550-600 миллион долларга гана бааланууда.
“Центерра” экинчи кварталдын жыйынтыгы менен ар бир акцияга 0,07 пайыздык дивиденд берилерин жарыялады. Ага ылайык, 8-сентябрдан тарта компаниянын акционерлерине 16,5 миллион АКШ долларындай дивиденд бөлүнүп берилет. Азырынча Кыргызстанга дивиденд берилери так белгисиз. Май айында “Центерра” “Кыргызалтынга” акцияларын башкаруу укугун чектеп, үлүштү сатууга тыюу салган болчу.
"Азаттык" радиосунун башкы редактору жана Прагадагы кеңсесинин кызматкери. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek