Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Москвада сегиз үкөктөгү добуштар жокко чыгарылды


Москвадагы шайлоо участогу. 18-сентябрь, 2021-жыл.
Москвадагы шайлоо участогу. 18-сентябрь, 2021-жыл.

Үч күндүк парламенттик шайлоонун экинчи күнүндө Москвада сегиз үкөктөгү добуш кагаздары жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Интерфакс" байкоочулар штабынын жетекчиси Алексей Венедиктовго таянып маалымдады. Анын сөзүнө караганда бардык үкөктөр көчмө добуш берүүгө колдонулган. Натыйжада жалпы 243 шайлоочунун добушу жокко чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн биринчи күнүндө шайлоочулардын 16,85% катышканын маалымдады. Мындан тышкары 58% шайлоочу онлайн добуш бергенин Байкоочулардын коомдук штабы маалымдады.

Көз карандысыз байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын белгилешүүдө. "Голос" тобу эки күн ичинде добуш сатып алууга байланышкан 2 миң учурду каттаган. Мындан тышкары массалык түрдө бийликчил партияга добуш бердирүү аракети жүрүп жатканы, аскер жана мамлекеттик кызматкерлерди жапырт түрдө добушканаларга ташуу катталганы кабарланды.

Кыймылдын байкоочулары айрым аймактарда бир эле шайлоочу бир нече жолу добуш берүүгө киргенине, үкөккө көп өлчөмдөгү добуш кагаздарын таштоо учурларына күбө болушкан.

Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-сентябрда башталган. Тизмеге Орусиянын ичинде 108 млн., чет өлкөлөрдө 2 миллиондон ашуун шайлоочу киргизилген.

Добуш берүү башталганда оппозициячыл Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан «Акылдуу добуш берүү» тиркемеси Apple жана Google интернет-дүкөндөрүнөн жок болуп кетти. Муну оппозициячыл саясатчылар бийликтин «болуп көрбөгөндөй цензурасы» деп аташты.

Алексей Навальный баштаган бийлик сынчылары "Акылдуу добуш берүү" деген долбоор аркылуу бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкерине каршы туруп, оппозициячыл талапкерди колдоого алып келген. 2019-жылы долбоордун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG