Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Президент башкарган өкмөт ишке киришти


Өкмөт үйү
Өкмөт үйү

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип ишке киришти. Бул Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өткөндөн берки президент Садыр Жапаровдун толук кандуу өкмөтү.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Конституциялык реформа коштогон саясий процесстер парламенттик шайлоо өтүп, жаңы Министрлер кабинетинин ишке кириши менен жыйынтыкталат деп күтүлүп жаткан.

Туруктуу өкмөт убадасы

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана администрация башчысы кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн түзүмү Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары жана 15 министрликтен турат.

Президент өкмөттүн курамы бекитилгенден кийин парламентте сүйлөгөн сөзүндө жаңы өкмөт туруктуу иштейт деп үмүттөнөрүн билдирди.

“Кудай буюрса бул өкмөт туруктуу иштейт деп ишенем. Мүмкүн болушунча узак убакыт иштеши керек деген ойдомун. Анткени эгемендик алган 30 жыл ичинде 35ке жакын өкмөт алмашып кетти. Бул ар бир өкмөттүн иши алдыга жылбай, бир эле орунда турду дегенди билдирет”.

Премьерликтен башка аткаруу бийлигинде бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн Акылбек Жапаров өкмөт башына келгенин өзү мындай сыпаттады.

“Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жыл ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам”.

Кыргызстанда 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий күч Конституциялык реформага барып, 11-апрелде президенттик башкаруу формасын киргизген Баш мыйзам кабыл алынды.

Конституциялык реформаны сүрөгөндөр 2010-жылдан бери өкмөт тез-тез алмашып, туруксуздук түзүлгөнүн жүйө келтиришкен.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышып жатып, тескерисинче бир жылда үч жолу өкмөт алмашты деп билдирди.

“Эл дагы бир жолу чоң алданды. "Бир адамга бийликти топтоп берсек жоопкерчилик бир адамда болот" деди. Бүгүн президент эч кимге жооп бербейт, аны жоопкерчиликке тарта турган механизм жок. Отчет бербейт, ага сөгүш жарыялай албайсың, сөгүш жарыялай албайсың, жумуштан ала албайсың, жоопкерчилик жок. "Парламентаризм жаман экен, бир адамга бийликти берсек өкмөт алмашпайт" дедик, бул жылда үч жолу өкмөт алмашты, беш шаардын мэри алмашты”.

Экономика жана Кумтөр

Жаңы Министрлер кабинети алдына амбициялуу пландарды коюуда. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекеттик бюджетти дээрлик 40% көбөйтүүгө убада берди.

Ал экономикадагы кырдаалды кылдат талдап чыгып, бир тыянакка келгенин, ал үчүн өнүктүрүүнүн төрт тармагы боюнча иш алып баруу керек экенин белгиледи.

“Биринчи – экономиканы санариптештирүү жана фискалдаштыруу, экинчи – айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, үчүнчү – чакан жана орто бизнести колдоо, төртүнчү – көмүскө экономика менен күрөшүү”.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун көзүрү болгон “Кумтөр” алтын кенине тыштан башкаруу киргизүү демилгесин көтөргөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Сентябрдын аягында Женева шаарында өткөн "Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнө Кыргызстандын делегациясын жетектеп барган.

Ал парламентте программасын тааныштыруу учурунда "Кумтөр" маселесин чечүү анын саясий тагдырына туш келгени үчүн Кудайга ыраазы экенин билдирди.

“Кумтөр кени – менин саясий тагдырымда болгону үчүн Кудайга ыраазымын. Анткени Кумтөр Кыргызстандын жаңы суверендүү тарыхында жаңы кадам болду. Кумтөрдүн айланасындагы азыркы абал Кыргызстан үчүн кандайдыр бир деңгээлде чоң сыноо, сынак болуп жатат. Муну мен өз акылым менен өзүнүн аймагындагы байлыктарды, жер казынасын жана баасын тескөө укугун алууга күрөш деп кабылдайм”.

Акылбек Жапаров 12-октябрда "Азаттыкка" "Кумтөр" алтын кенин мындан ары кыргыз өкмөтү иштетерин, "Центерра голд" компаниясы Женевадагы сүйлөшүүдө Кыргызстандан принципиалдуу түрдө кеттик деген чечимин айтканын билдирген. Бирок "Центерра голд" компаниясы Кыргызстан ээлик кылган 26% акцияны сурап жатканын кошумчалаган.

Саясий эксперт Марс Сариев жаңы Министрлер кабинетинин курамына жана түзүмүнө купулу толуп турганын айтат. Ал Жапаровдор жетектеген өкмөт берген убадасын аткара аларына ишенет.

"Менин оюмча Акылбек Жапаров күчтүү кризис менежер. Кумтөр боюнча иште ал белгилүү болду. Жаңы дайындоолорго Акылбек Жапаровдун пикири эске алынганы көрүнүп турат. Жапаров сынга кабылып, рейтинги жогору болбогону менен, ал коюлган максаттарды ишке ашыра алат".

Анткен менен Акылбек Жапаровдун өкмөт башына келишин сындагандар дагы арбын. Президент Садыр Жапаров дагы дайындоосун түшүндүргөн кайрылуусунда жеке көзөмөлүндө боло турганын белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасынын айрым сунуштарын колдой албасын айтты.

"Сиз иштегенди билесиз, сизде акылдуу идеялар абдан көп, бирок акылсыз дагы идеялар аз эмес экенин ачык айтышым керек. Ошондуктан мен сизди колдойм, бирок экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү, санарип кызматын монополизация кылуу боюнча сунуштарыңызды колдой албайм".

Жаңы өкмөттүн түзүмү Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары жана 15 министрликтен турат.

Алсак, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, Экономика жана коммерция министрлигине Данияр Амангелдиев, Финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, Юстиция министрлигине Аяз Баетов, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине​ Азамат Жаманкулов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Кудайберген Базарбаев келди.

Руслан Казакбаев тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG