Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Орусияда бир суткада коронавирустан 1064 адам каза болду


Склифосовский атындагы ооруканадагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдүн медиктери. 20-октябрь, 2021-жыл. Москва.
Склифосовский атындагы ооруканадагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдүн медиктери. 20-октябрь, 2021-жыл. Москва.

Орусияда төрт күндөн бери коронавирустан каза болгондордун саны жогорку чекке жетип, миңден ылдый түшпөй жатат. Соңку 24 саат ичинде вирус 37 миң адамдан жаңы аныкталып, 1064 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирустун жайылышын ооздуктоо үчүн бийлик 30-октябрдан тартып бир жума дем алыш жарыялады. Москва мэриясы 28-октябрдан 7-ноябрга чейин баш калаадагы соода жайлар, кафе-ресторандар жана башка мекемелер жабыларын билдирди.

Орусиядагы 146 миллион адамдын үчтөн бир бөлүгү гана коронавируска каршы вакцина алган.

Евробиримдиктин 21-октябрда жарык көргөн баяндамасында Орусиянын батышта чыгарылган вакциналарды жамандаган кампаниясы өзүнө каршы натыйжа бергени жазылган.

Иликтөөдө белгиленгендей, Орусиянын мамлекеттик каналдары, анын ичинде чет тилдерде чыккан RT телеканалды вакцинанын коопсуздугунан күмөн санаган маалыматтарды таркатып турушкан.

Кремл эмдөө боюнча дезинформация жүргүзгөнүн мойнуна албай келет.

Соңку жумаларды Европанын чыгышында коронавирус күч алганына байланыштуу бир катар мамлекеттер санитардык эрежелерди күчөттү.

Украин бийлиги инфекция катуу жайылган аймактарда, анын ичинде баш калаа Киевде мектептерди жапты. Бул өлкөдө соңку бир суткада 614 адам СOVID-19дан көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG