Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Ат-Башынын акиминин орун басары Сүлүктү шаарына мэр болду


Максат Кадыркулов.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри кылып Максат Кадыркуловду дайындады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Максат Кадыркулов буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык райондун администрация башчыларын жана облустук деңгээлдеги шаар мэрлерин президент дайындайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG