Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Бишкекте 831 мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилди


Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.
Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 15-январга карата Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 831 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу 19-январда Бишкек мэриясында турак жайларга техпаспорт берүү маселеси талкууланган жыйында айтылды.

Жер-Ынтымагы конушу боюнча 1200 техникалык паспорт даярдалды. Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан бери 851 кайрылуу түштү. 11-январдан тарта Дордой 2 жаңы конушунда да иш башталып, тургундар техпаспорт алуу үчүн 461 арыз берди.

Техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор былтыр 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Көчмө бригадалар турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, техникалык паспорт даярдайт. Жарандар түз эле Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, документ алуу үчүн арыз калтырса да болот.

Техникалык паспорт жерди мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун биринчи баскычы.

Кыргызстанда кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөн айрым жерлерге там салынып, калктуу конуштар пайда болгон. Президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткан адамдардын үйлөрү мыйзамдаштырыларын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG