Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Чек ара тыгыны чечилмейинче парламентте ЕАЭБ документтерин карабоо демилгеси көтөрүлдү


Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечилмейинче Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу мыйзам долбоорлорун парламентте карабай коё туруу демилгеси бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев казак тарап машиналарды өткөрбөй жатканы жөнүндө арыз-даттануулар бар экенин белгиледи:

“Орусияда болобу, Казакстанда болобу, ушул маселени көтөрүшүбүз керек. ЕАЭБ алкагында иштейбизби же каалагандай иштей беребизби? 300дөн ашуун фура турат. ЕАЭБ иштеп жатабы же жокпу? Иштебесе жөн эле убакытты кетирип макулдашууларды карап эмне кереги бар?”.

Бекешев мындай пикирин жыйында ЕАЭБге байланыштуу документтер каралып жатканда айтты. Ага парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү Нуржигит Кадырбеков жооп берип, ЕАЭБ алкагындагы логистика маселеси боюнча сунуштар Министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 20-апрелдин эртең мененки саат 10догу маалыматына караганда, “Ак-Тилек” бекетинде 180, «Чоң-Капкада» 60, «Чалдыбарда» 35 жана «Кең-Булуңда» 30 машин кезекте турат.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш "Ак-Тилектин" жанында соңку апталарда байкалууда.

Чек арадагы тыгын маселесин жакында депутат Айбек Осмонов да көтөрүп, эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG