Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Аба ырайы: Жолдор тайгак болот


Кыргызстандагы Орто-Токой суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы Орто-Токой суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

18-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлерин туман каптайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Талас жергесинде түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -12…-17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -11…-16 болот.

​18-январда борбор Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17°, күндүз -4…-6° градусту түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG