Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Суданда 19 миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кептелди


Чадга ооп барган судандык качкындар. 11-май 2023-жыл
Чадга ооп барган судандык качкындар. 11-май 2023-жыл

Куралдуу жаңжал токтобой жаткан Суданда 19 миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кептелди. Африкалык өлкөдөгү гуманитардык кризис тууралуу жекшембиде БУУнун Азык-түлүк программасынын расмий өкүлү Мохамед Гамал кытайлык медиа топко берген интервьюда билдирди.

Маалыматка караганда, Судандын калкынын дээрлик жарымы – 24,7 миллион киши, арасында 13 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж.

Эрегишкен күчтөрдүн 100 күндөн бери уланып келаткан жаңжалынан улам суу, электр энергиясы жана газ менен камсыздоо үзгултүккө учурап, жер-жерде тамак-аш, дары-дармек тартыш болууда.

Гамалдын айтымында, уюмду өзгөчө Батыш Дарфурдагы абал тынчсыздандырат. Ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү кыйын болууда. Азык-түлүк программасы касташкан тараптарды гуманитардык коридор түзүүгө чакырып келатат.

Судан армиясы менен "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобу ортосундагы уруш башталган 15-апрелден бери өлкөдөн 2,8 милллион киши чыгып кетти.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган маалымат боюнча, кагылышуулар 3 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды, 6 миңден ашуун адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG