Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Иран: Президенттик шайлоо үчүн канча бюллетен басылды?


Сол бурчтан саат жебеси боюнча: Каруби, Мусави, Резаи, Ахмадинежад. Бүгүн ушул төрт талапкердин кимиси президент шайланат?
Сол бурчтан саат жебеси боюнча: Каруби, Мусави, Резаи, Ахмадинежад. Бүгүн ушул төрт талапкердин кимиси президент шайланат?

Иран жетекчилиги өлкөнүн шайлоо системасы региондогу эң демократиялуу система, 12-июндагы президенттик шайлоодо эл өзү каалаган талапкер үчүн эркин добуш берет дешет. Бирок байкоочулар менен укук коргоочу уюмдар ирандык шайлоочуларда тандоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенин айтышат.

Президенттикке ат салышкан төрт талапкер шайлоо өнөктүгү учурунда телеэрөөлгө чыгып, эл менен жолугуп, үгүт-насаат иштерин Батыш өлкөлөрүндөгүдөй эле өткөрүп жатышты. Бирок да шайлоо демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй эркин жана калыс өтөт деп болбойт. Анткени Ислам ынкылабын көзөмөлдөө кеңеши макулдук берген талапкер гана шайлоого катышат. Кеңеш негизинен Ирандык
Реформачылар көчмө добушканалар шайлоонун жүрүшүнө көз салууну 10 процентке татаалдата турганын жана Ички иштер министрлиги айткандай 57,0 млн. эмес, 59, 6 миллион бюллетен басылган деп эскертти.
жетекчилик чөйрөсүнөн чыккан адамдарга батасын берип, аялдар менен дүниябий талапкерлерди Исламдын жана ынкылаптын
Мир Хусейн Мусави (солдо) жана Мехди Каруби 7-июндагы телеэрөөлдөн кийин.
баалуулуктарына берилген эмес деп, электен өткөрбөйт. Быйыл жарыштан чыгарылган 471 талапкердин арасында күйөөсү ынкылапта шейит болгон жигиттин жесири, парламенттин мурдакы эки депутаты да бар.

“Көптөгөн адамдардын негизги укуктары бузулду. Ондогон адамдар, анын ичинде шейит өлгөн адамдын жесири президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылды», дейт талапкерлердин бири, экс-спикер Мехди Карубини. Карубиден башка талапкерлер: азыркы президент Ахмединежад,

Ислам ыклабынын сакчылар копусунун мурдакы командачысы Мохсен Резаи жана экс-премьер-министр Мир Хусейн Мусави.

Шайлоо өнөктүгү бийлик сынчыларын жана саясый активисттерди коркутуулар менен да коштолду. Улуттук азчылыктар, кесиптик кошундар жана аялдардын укугун коргоочуларды негизсиз камакка алуулар, опузолоолор болгонун Эларалык мунапыс уюму маалымдады. Чекарасыз кабарчылар уюму өкмөттүк маалымат булактары шайлоону бир тараптуу чагылдырганын, президент
Президент Ахмадинежад Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи менен аятолла Рухалла Хомейнинин ортосунда. Шайлоо плакаты.
Ахмединежаддын каршылаштарына телерадиодон 10 эсе аз убакыт берилгенин жана аны сындаган 15 журналист коркутулганын билдирди.

Вашингтондук эксперт, профессор Расул Насифи телеэрөөлдө талапкерлер Ирандын руханий көсөмү, аятолла Хаменейинин чексиз бийлиги тууралуу дегеле ооз ачышпаганын айтып, өлкөнүн шайлоо системасын мындай мүнөздөйт:

- Ирандын шайлоо системасы түрдүү системалардын аралашмасы же мурдакы советтик режимдин, Ирак диктатору Саддам Хусейндин башкаруусунун, Пакистан өкмөтүнүн элементтеринен башка да демократиянын кээ бир элементтерин камтыйт.

Иранда президент жана парламент болгону менен, чечүүчү сөздү аятолла Хоменейи айтат.
Ирандыктар 12-июнь күнү Ынкылапчыл гвардия Ахмединежад үчүн иштейт, добуштар бурмаланат деп кооптонушат. Карубинин штабынын мүчөсү Саид Разави Фагихтин “Фарда” радиосуна шайлоону өткөрүү жана байкоо Ички иштер министрлиги менен
Ирандык аял президенттикке талапкердин сүрөтү тагылган тактанын алдында.
Сакчылар кеңешине жүктөлгөнү добуш берүүлөрдү мурдакы шайлоодогудай бурмалоого мүмкүндүк берет дейт:

- Шайлоону өткөрүүгө жана көзөмөлдөөгө консервативдүү лагердеги Ички иштер министрлиги менен Сакчылар кеңеши жооп бергени өтө опурталдуу. Алардын мурдакы шайлоолорго кийлигишкени маалым. Алар шайлоонун жыйынтыгына ачык таасир этүүнүн механизмине ээ болуу үчүн айрым кадамдарды жасаганын күбөлөгөн далилдерибиз бар.

Шайлоо алдында реформачылардын вебсайтына Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин бир тобунун каты басылды. Катта аятолла Хоменейи добуштарды Ахмадинежаддын пайдасына эсептөө алал деген фатвка чыгарганы маалымдалат.

Реформачылар көчмө добушканалар шайлоонун жүрүшүнө көз салууну 10 процентке татаалдата турганын жана Ички иштер министрлиги айткандай 57 миллион бюллетен эмес, 59, 6 миллион бюллетен басылган деп эскертти.

Видео тасма.


Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00



Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык

Ишемби күнү (13-июнда) түштөн кийин Тегерандын көчөлөрүнө чыккан Мусавинин тарапкерлери шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылыгын билдиришти. Бир нече миңдеген демонстранттар "өкмөт элге жалган айтты" деп кыйкырышты. Reuters.


XS
SM
MD
LG