Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Кармагысы эле келет, каруусу жетишпейт


"Мекен шейиттери" кыймылынын Жогорку Кеңеш алдындагы акциясы, 26-май, 2010-жыл.
"Мекен шейиттери" кыймылынын Жогорку Кеңеш алдындагы акциясы, 26-май, 2010-жыл.

«Мекен шейиттери» кыймылынын өкүлдөрү, 7-апрелде жабыр тарткандар 26-майда Убактылуу өкмөт жетекчиси менен жолугушту. Алгач Түркиянын Бишкектеги элчилиги алдында пикет өткөрүшүп, экс-президент Бакиевдин Түркияда эместигин уккан соң алар парламент имаратынын жанына чогулушкан.

7-апрелде жабыр тарткандар кандуу окуяга күнөөлүүлөрдү таап жазалоо талабын коюшууда.

Курманбек Бакиев Минскиде эле окшойт

Белорусиядан башпаанек тапкан Кыргызстандын экс-президенти Түркияга эс алууга келгенин айрым маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Бирок да Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин 1-орунбасары Берк Еже мырза мындай маалыматтын таралып кетишине түшүнбөстүгүн ырастап, К.Бакиев ал жерге эс алууга келбегенин расмий маалым кылды.
Эми биз жиберип карма деген киши өздөрүнүн кишиси болсо. Азыр дагы милицияда иштеп аткандардын баары өздөрүнүн кишиси болсо. Эми Жалал-Абат, Ош боюнча бүт милиция, прокурорду бир күндө кантип алмаштырабыз?
Э. Каптагаев

Андан кийин парламент имараты алдына келген “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн эшик алдында тургандар тосушту.

- Силер эмне бийликти алып эле кутуруп атасыңар? Эмне! Эмне! Көпчүлүк алчы эй! Чакыр! Мына келгиле!

Эмилбек Каптагаев
Кыйладан соң чогулгандар алдына Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Эмилбек Каптагаев чыгып, күнөөлүү делинген мурдагы бийлик жетекчилерин кармоого жаңы бийликтин шаасы жетпей жатканын айтты.

- Кармай алган жокпуз. Биринчиден, Василий Иванович деген бая күнкү сөздү уктуңарбы? Василий Иванович ким экенин билесиңер да. Биз ошоякка командир кылып дайындап, ушул жактан жөнөткөн спецназдын командири экен ошол Василий Иванович деген. Бул бүгүн такталып атат. Атын азырынча айта албайм. Тергөө болуп атат. Биз жиберип карма деген киши өздөрүнүн кишиси болсо. Азыр дагы милицияда иштеп аткандардын баары өздөрүнүн кишиси болсо. Ошерде прокурордун баары өзүнүн кишиси болсо. Эми Жалал-Абат, Ош боюнча бүт милиция, прокурорду бир күндө кантип алмаштырабыз?

Кылмышка шектүү делинген мурдагы президенттин жакын адамдарын кармап келүүгө жиберилген атайын топту ошол Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчи орунбасары А.Медетбеков баштап барган.

Коңшулар деле көңүлкош

Күндүзү жаңы, түнкү мурдагы бийлик ээлери менен эриш-аркак иш жүргүзгөндөр күч кызматтарында арбын экенин Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин да билдиргени бар. Маселе антип жалгыз кыргызстандык күч кызматкерлеринин ачык-тымызын каршылыгына кабылып ордунан жылбай турса бир жөн эле. Эл аралык издөө жарыяланган адамдарды кармоо боюнча коңшу өлкө Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын күч кызматтарынан азырынча тыңгылыктуу жооп алына электигин К. Дүйшөбаев журналисттер алдында жашырган жок.
Кеңешбек Дүйшөбаев

- Ошондуктан бүгүнкү күндө аларды кармоо кыйын болуп атат. А кылмышкерлер биздин мамлекеттен тышкары жүрүп атышпайбы. Биз өзүбүздүн кызматкерлерди башка жактарга командировкага жиберип, ошол жактагы укук коргоо органдары, атайын кызматтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жардам беришин өтүнүп жатабыз. Алар да жардам беребиз деп жатышат. Бирок бүгүнкү күнгө айта турган эч нерсе жок.

Мындай шартта Убактылуу өкмөттүн жалгыз аргасы, издөө салынгандардын сары изине түшүп, аларды кармоого куштар күч кызматкерлеринин катарын көбөйтүп, мурда ушул жаатта иштегендерди кызматка чакыруу гана калганын Э.Каптагаев чогулгандар алдында ачыкка чыгарды.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Арстан Сагындыков үч күндөн бери сабылган ата-энелер Убактылуу өкмөт жетекчисине кайрылып, жеткиликтүү жооп алалбаган соң минтип эшик алдына келишкенин билдирди.

- Же мобуреки бир жумадан кийин кабыл алайын деп айтпайт. Же эчтеке деп айтпайт. Анан болбой жатып ата-энелер келди. Булардын суроолору көп.

Коомдук бирикме өкүлдөрүн Убактылуу өкмөт жетекчисинин милдетин аткаруучу Р.Отунбаева кабыл алып, талаптарын укту.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент К.Бакиевди кайтарып берүү өтүнүчүн Белорусияга жолдогон. Ага улай мурдагы бийлик жетекчилеринин бир тобуна эларалык издөө салган. Алардын арасында, мурдагы өкмөт башчы Д.Үсөнов, Коопсуздук кызмат жетекчиси М.Суталинов, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Ж.Бакиев, Борбордук агенттик жетекчиси М.Бакиев баштаган жыйырмага чукул адам бар.

"Мекен шейиттери" кыймылынын акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG