Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Түркия АКШдан элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды


Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен Армениянын лидери Серж Саркисян, 19-октябрь, 2009-жыл
Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен Армениянын лидери Серж Саркисян, 19-октябрь, 2009-жыл

АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы карым катнаштар комитети армяндар Биринчи Дүйнөлүк согуш учурундагы апаатты геноцид деп тааныган резолюция кабыл алды. Ошентип АКШ-Түркия байланыштары дагы бир жолу мезгилдин сынагында калды.

АКШ президенти Барак Обаманын акыркы мүнөттө Түркиянын пайдасына кийлигишкенине карабастан, Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар боюнча төмөнкү комитети Осмон империясы маалында “армяндарга геноцид болгон” деген резолюцияны 22 каршы, 23 макул добуш менен кабыл алды.

Милдеттендирүүчү эмес мүнөздө болгон бул токтом эми Өкүлдөр палатасынын жалпы отурумунда добушка коюлуп, андан кийин президенттин кароосуна жолдонот.

Комитеттин отурумун утурлап түрк өкмөтү бул чечимди сынга алды. Өкмөттү билдирүүсүндө “түрк улутун эч качан болбогон кылмыш үчүн айыптаган бул долбоорду айыптайбыз. Вашингтондогу элчибиз Намык Танды бул маселени талкуулоо үчүн чакырып жатабыз” деп айтылат.

Кабыл алынган долбоордун мындан кийинки жаңырыгы кандай болоору белгилүү болбосо да, саясий серепчилердин баамында, өткөн жылы Түркия менен Армения ортосунда башталган жарашуу жараянына кедергесин тийгизиши ыктымал.

Комитеттин отурумунда сүйлөгөн Түркиянын тышкы иштер министри АхметДавутоглу буларды айтты:

- Конгресс деңгээлинде, же администрация деңгээлинде болобу, америкалык тарап биздин турумубузду абдан жакшы билет. Биз буга чейин өз турумубузду ачык түрдө ортого коюп келдик. Түркия-АКШ байланыштары өз тарыхындагы эң бекем кызматташтыкты талап кылган маанилүү бир учурду башынан өткөрүп жаткан кез. Ушул тапта аймакка туруктуу тынчтыкты алып келе турган кадамдар менен бирге бул тынчтык жараянын тобокелге салуусу мүмкүн кадамдар маңдай-тескей турган кез. Биз биринчи багыттагы кадамдардын ташталышын каалар элек.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл да телефон аркылуу АКШнын лидери Барак Обама менен сүйлөшүп, долбоордун болжолдуу натыйжалары тууралуу сөз козгоду.

Америкалык конгрессмен Дан Буртон да долбоорго каршы пикирин айтты:

- Бул жерде сөз “бул резолюцияны өткөрүү максатка ылайыкпы?” деген суроонун айланасында болуп жатат. Мындан кандай пайда чыгат? Анын бир нерсеге жарай турганына көзүм жетпейт. Эми эки өлкө сүйлөшүүлөр аркылуу чечим таап, тарыхый чындыкты эл аралык адистерге текшертип, кандайдыр бир натыйжага жетүү үчүн аракеттенип жатышат. Менин оюмча бул - маселени чечүүнүн эң жакшы жолу болуп эсептелет.

НАТОнун мүчөсү Түркия Жакынкы Чыгышта, Ооганстанда АКШнын жакын өнөктөшү болуп саналат. Расмий Анкара Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында көптөгөн армяндар менен бирге түрктөр да кырылганын билдирип, Армениянын геноцид болгонун таануу тууралуу талаптарын четке кагып келүүдө.

Өткөн жылы Швейцарияда Түркия менен Армения чек араларды ачып, тарыхта болгон окуяларды эл аралык адистердин иликтөөсүнө койуу тууралуу макулдашкан. Бирок Тоолуу Карабак жаңжалынан улам келишимдердин парламент тарабынан ратификацияланышы үзгүлтүккө учураган.

Конгресстин Өкүлдөр палатасында кабыл алынган токтом тынчтык жараянынын алга жылуусуна түрткү болобу же жараяндын толугу менен туңгуюкка кептелишине алып барабы – азырынча белгисиз.

Армения АКШнын чечимине канааттанганын билдирди. Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандиян “бул өнүгүү Америка элинин адам укуктарын урматтаганынын жаңы бир далили жана адамзатка каршы кылмыштарды алдын алуу жаатында таштаган дагы бир маанилүү кадамы болду” деп билдирди.

"Азаттыктын" архивинен: Түрк жана армян президенттери Бурсада

2009-жылдын 14-октябрында түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл армян кесиптеши Серж Саркисян менен кездешип, чогуу футбол мелдешин көрүштү. “Азаттыктын” кабарчысы К. Симоняндын тасмасы. Бурса ш., Түркия.

Түрк жана армян президенттери Бурсада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG