Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Түркия ийге келди


Буга чейин НАТОнун ракетадан коргонуу системасына карата салкын мамиле жасаган Түркия уюмдун Лиссабондо өткөн саммитинде бул планга макулдугун берди.

Ракетадан коргонуу системасына Иран жана Сириянын аты аталгандан улам каршы болуп келген Анкара Лиссабон шаарында өткөн НАТОнун саммитинде келишимдин текстинде эч бир өлкөнүн атын жазбоо тууралуу мунасага жетишилген соң батыштык алянстын алдыдагы 10-15 жылга мерчемделген стратегиялык консепциясынын чеги ичинде, балистикалык ракеталардан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүнүн Түркиянын аймагында жайгаштырылуусуна макул болду.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл.
Саммитке катышкан Түркиянын президенти Абдулла Гүл буга чейин коюлган бардык талаптар канааттандырылганын билдирип, Түркия НАТОнун аброюн сактап калганын айтты.

- Бул система ракеталардан коргонуу максатын көздөйт. Бул кимдин колунда ошондой ракеталар болсо, же ким эртең андай ракеталарга ээ боло турган болсо, алардан келе билүүчү коркунучка каршы коргонууну түшүндүрөт.

Президент Абдулла Гүл кабыл алынган стратегиялык концепция документин жогору баалады.

Түркияда айрым серепчилер расмий Анкаранын Лиссабондо ийге келүүсүн буга чейин түрк өкмөтү мактанып келген тышкы саясатынын банкрот болушунун белгиси катары баалашты. Алардын пикиринде, келишимде Иран же Сириянын аты аталбаганы менен, иш жүзүндө сөз Иран тараптан келиши ыктымал деп болжолдонгон ракеталык коркунуч жөнүндө болуп жатат жана система НАТО өлкөлөрүнө караганда АКШнын аймактагы жакын өнөктөшү Израилди коргоо максатын гана күтөт.

Оппозициядагы “Жумуруят Калк” партиясынын депутаты, Түркиянын Вашингтондогу мурдагы элчиси Шүкрү Элекда Лиссабондогу саммитте түрк өкмөтү ракетадан коргонуу системасына каршы планга катышуу менен туура ишке барганын, муну менен Түркия батыштык системанын ичинде ордун сактап калганын, ошол эле маалда бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы ушул убакытка чейин утопиялык тышкы саясаттын банкротко учураганынын ырасмий күбөсү болгонун ырастады.

НАТОнун Лиссабондогу жыйыны.
Чет элдик серепчилер Анкара бул келишимди кошунасы Иран жана Орусияга түшүндүрүүдө бир топ кыйынчылыктарга учурашы мүмкүн экендигин эскертүүдө. Мисалы, Stratfor Commentary аттуу уюмдун интернет барагында чыккан макалада “ракетага каршы коргонуу системасына катышып, Түркия Вашингтон менен тыгыз мамиле курууга жол ачты. Түркия кийинки жылдардын ичинде аймакта ээ болгон геосаясий таасирин сактап калуу үчүн Вашингтон менен кызматташууга мажбур” деп айтылат.

Расмий Анкаранын чечимине карата Иран жана Орусия азырынча үн ката элек. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу апта башында ирандык кесиптеши Манучехр Моттаки менен жолукту. Давутоглу Моттаки менен Лиссабондо кабыл алынган стратегиялык концепцияны жана Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу кризисти талкууга алган.

Израил Түркиянын ракетадан коргонуу системасына макул болуусуна канааттануусун билдирди. Израилдин Тышкы иштер министрлигинин интернет барагында жарыяланган билдирүүдө “Иран менен кызматташтык жана биримдик түзүү аракеттерине карабастан Түркия акыры Иран тараптан келүүсү мүмкүн ракеталык чабуулдарга каршы коргонуу жөнүндөгү НАТОнун планы боюнча ийге келди” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG