Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

АКШ, Британия, Австралия коопсуздук боюнча жаңы келишим түздү


Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон (солдо), АКШнын президенти Жо Байден (ортодо), Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон (оңдо) түз байланыш маалында.
Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон (солдо), АКШнын президенти Жо Байден (ортодо), Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон (оңдо) түз байланыш маалында.

АКШ, Улуу Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы келишим түзгөнүн жарыялашты. AUKUS деп аталган бул өнөктөштүккө ылайык, Австралия суу алдында жүрүүчү атомдук кемелерге ээ болот. Инд-Тынч океан аймагын камтыган мындай макулдашууну Кытай кескин сынга алды.

Тарыхый байланышы терең үч өлкөнүн ортосунда жаңы өнөктөштүк түзүлгөнүн АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон 15-сентябрда видео байланыш аркылуу жарыялашты. Жаңы келишим үч мамлекеттин англисче аталышынан кыскартылып, AUKUS деп атала турган болду.

Лидерлер расмий жарыяда Кытайдын атын аташкан жок. Бирок дээрлик үчөө тең бир ооздон Кытайдын таасири артып бара жаткан Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга басым жасашты.

“Бүгүн биз үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана мыйзамдаштыруу үчүн дагы бир тарыхый кадамды таштап жатабыз. Себеби биз баарыбыз узак мөөнөттө Инд-Тынч океан аймагындагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо зарылчылыгын түшүнүп турабыз. Биз чөлкөмдөгү учурдагы стратегиялык кырдаалды жана анын болочоктогу өнүгүшүн жөнгө сала алгыдай болушубуз керек”, - деп билдирди Байден.

Адистер соңку келишимди АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы ондогон жылдардан берки эң ири өнөктөштүк жана Кытайдын каршылыгын жарата турган аракет катары мүнөздөп жатышат.

Макулдашууга ылайык, Австралия атомдук реактор менен жүрүүчү суу алдындагы кемелерди жасоого керектүү жабдыктар менен камсыздалат. Мындай технологияны АКШ бир гана жолу 50 жыл мурда Улуу Британия менен бөлүшкөн.

АКШнын "Мичиган" аттуу суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси Түштүк Кореянын жээгинде, 25-апрель, 2017-жыл.
АКШнын "Мичиган" аттуу суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси Түштүк Кореянын жээгинде, 25-апрель, 2017-жыл.

Андан тышкары үч өлкө жасалма интеллект, киберкоопсуздук маселелеринде да кызматташтыкты тереңдетет.

“Биздин дүйнө, өзгөчө Инд-Тынч океан аймагы татаалдашып баратат. Бул баарыбызга таасирин тийгизет. Инд-Тынч океандын келечеги биздин бардыгыбыздын келечегибизди аныктайт. Кыйынчылыктарга туруштук берүү, чөлкөмдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биз өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге алып чыгышыбыз керек”, - деди Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.

Келишим Австралия ядролук куралга ээ болот дегенди билдирбейт. Болгону бул өлкөдө суу алдында жүрүүчү өзөктүк реактору бар кемелердин флоту түзүлөт.

Мындай атомдук кемелер суу алдында жүрүүчү башка кемелерден кыйла ылдам. Аларды радарлар да оңой менен тааный албайт. Өзөктүк реактору бар кемелер суу алдында бир нече ай жүрө берет. Узак аралыкка каттап, көбүрөөк жүк ташый алат.

Эми жаңы келишим менен Австралия дүйнөдө мындай флоту бар АКШ, Британия, Франция, Кытай, Индия жана Орусиядан кийинки жетинчи өлкөгө айланат.

Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга таасирин тийгизе турган бул өнөктөштүктү Кытай дароо сынга алды. Кытайдын Вашингтондогу элчилиги үн катып, өлкөлөр “үчүнчү тараптын кызыкчылыгына шек келтире турган блокторду түзбөшү керек” деп белгиледи.

“Өзгөчө алар "Кансыз согуштун" менталитетинен арылышы керек",-деп айтылган билдирүүдө.

Бээжиндин аскердик кудуретинин артышы Батыштын Инд-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүн тынчсыздандырып келет. Бул региондогу айрым мамлекеттер менен Бээжиндин ортосунда Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча карама-каршылыктар да катталып турат.

Мындан тышкары Кытай менен Батыш мамлекеттеринин ортосундагы мамиле соода, адам укуктары жана Шинжаң, Гонконгдогу кырдаал сыяктуу бир топ маселелерден улам чыңалып турат.

Чыгыш Кытай деңизи. Иллюстрациялык сүрөт.
Чыгыш Кытай деңизи. Иллюстрациялык сүрөт.

Австралия Улуу Британия жана АКШ менен жаңы өнөктөштүктү түзүү үчүн суу алдында жүрүүчү атомдук флотту куруу боюнча Франция менен макулдашылган 40 миллиард доллардык келишимди жокко чыгарды.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан расмий Канберранын соңку кадамын сынга алды.

"Бул аркага сайылган бычак болду. Биз Австралия менен ишенимге негизделген мамиле түзгөнбүз. Бул ишенимге кыянаттык кылынды", - деп билдирди француз министри.

Франция менен Австралия мындай макулдашууга 2016-жылы кол койгон. Ага ылайык, француз тарап кеминде 12 суу алдында жүрүүчү атомдук кемени жасоого көмөктөшмөк. Расмий Канберра кемелердин айрым тетиктери Австралиянын өзүндө жасалышы керектигин билдирип, мындай талаптардан улам келишимдин аткарылышы кечеңдеген.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG