Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Бакыттын даамын сезүү үчүн пейилди оңдойлу


Сүйүтбек Төрөбековдун "Суусамырлык балдар" картинасы
Сүйүтбек Төрөбековдун "Суусамырлык балдар" картинасы

Албетте, ар бир адам бактылуу жашоо тууралуу кыялданат. Миллиондогон кишинин күнүмдүк жашоонун убаракерчилигин тартып, жаны тынбай кыбырап келатканы да бакытты издегенден уламдыр?

Адамдын узак жашоосун камсыз кылуу, өзүн бактылуу сезишин камсыздоо үчүн байманасы жетишкен коомдун эң акылдуулары тынымсыз изденип келет.

Алмустактан бери жазылган сан жеткис ар кыл жанрдагы адабий чыгармалар, ыр саптары, түрдүү усулду карманган мектептер, окуулар, диндер дал ушул суроонун туура жообун табуу үчүн ат салышкандай.

Ошентсе да бир нерсени белгилей кетели. Бактылуу өмүр сүрүү үчүн айтылган формулалардын дээрлик баары адамдын кулк-мүнөзүнө байланган.

Мисалы, канчалык бири-бирине карама-каршы көрүнгөнү менен, бир топ диний түшүнүктөрдө адамдын мүнөзү тууралуу сөз болгондо пикирлер төп келет.

Өлкөбүздө жарандардын басымдуу бөлүгү мусулманчылыкты кармангандыктан, исламдын негизги булагы - Куран китебинде кулк-мүнөзү жакшы, пейили кең адамдар бааланарын белгилеп өтүү маанилүү.

Куранда айтылгандай, Кудай адамдарды жакшы амалдарды жасоо үчүн жараткан. Жакшы амалдарды жасоо - бул жараткандын амирин аткаруу. Бирок адам баласы чындап дили тазармайынча, бул акыйкаттыкты тааный албай турганы белгиленген айрым диндерде. Баса, ыйык Куранда бузукулук ишке баргандарды аябай оор азап күтөрү айтылып, адеп-ахлактык принциптерге бекем кишилердин зоболосунун бийик болору байма-бай эскертилгенине да токтоло кетели.

Гарварддагы узак изилдөө

Гарварддын Чоңдордун өнүгүүсү боюнча изилдөөсү­ (Harvard Study of Adult Development) жашы жеткендерге жүргүзүлгөн эң узун изилдөөлөрдүн бири.

Изилдөөдө адамдын кыймыл-аракетинин анын аң-сезимдик (mental) жана дене түзүлүшү жактан саламаттыгына кандай таасир калтыра турганын көзөмөлдөшкөн. Бул изилдөөнүн төртүнчү жетекчиси, психиатр Роберт Уолдингер 2013-жылы бир нече маселени белгилеген.

724 кишинин өмүрүн 75 жылдан бери көзөмөлдөп, изилдеп келаткан бул изилдөөгө катышкандардан 60 киши калган. Алардын көбү 90 жаштан ашкандар болгон.

Изилдөө алар тууралуу маалымат чогултуу, сурамжылоо жүргүзүү менен эле чектелбейт. Алар тууралуу болушунча так маалыматка ээ болуу максатында Уолдингер төмөнкүлөрдү кошумчалаган: "Биз аларды үйүнүн ичинде, жумушунда көзөмөлдөп, сурамжылап жүрдүк. Алардын бала-чакасы, чөйрөсүндөгүлөр менен маектештик. Көңүл түпкүрүндө катылган сезимдерин билүү үчүн алардын жубайлары менен сүйлөшчүбүз. Дайыма медициналык көзөмөлдө кармадык, анализдерин, мээсинин томографиясына чейин топтоп жүрдүк".

Ошентип, Уолдингердин айтымында, бул изилдөөдөн үч чоң сабак келип чыккан. Келиңиздер, катары менен алар тууралуу кыскача кеп кылалы.

1. Адамдар менен жакшы мамиледе болуу ден соолукка аябай пайдалуу

Ал эми жалгыздык зыяндуу! Изилдөө, үй-бүлөсүнө, туугандарына жана чөйрөсүнө жакшы мамиле кылган кишилер бактылуу, ден соолугу чың жана узун өмүр сүргөнүн көрсөткөн. Ал эми жалгыздыкта жашагандар өзүн бактысыз сезген, ден соолугу начар жана мээсинин иштөө функциясы эрте начарлаган.

2. Достордун саны маанилүү эмес

Изилдөө белгилеген экинчи чоң сабак­ - көп киши менен достошуу же ымала куруу - адамдар менен жакшы мамиледе болуу деген мааниге төп келбейт. Анткени киши үй-бүлөлүү болуп туруп же чоң бир коллективдин ичинде жүрүп деле өзүн жалгыз сезиши толук мүмкүн эмеспи.

Бул жерде, аз же көп экенине карабай, кишинин чөйрөсүндө аны менен сапаттуу мамиле кура алгандардын бар-жогу белгиленген. Бул жерде да сапаттуу мамиле ден соолукка пайдалуу экени көзөмөлдөнгөн. Мисалга, 50 жашында өз ара жакшы мамиле түзүп, купулуна толуп, «ичи чыгып» (satisfied) жашаган кишилердин 80 жашында саламаттыгы өз курбалдаштарына салыштырмалуу жакшы болгон.

Керек болсо андайлар 80 жашында ооруп калган күндө да өздөрүн бактылуу сезгени такталган. Ал эми жылуу-жумшак мамиле кура албаган, алака-катышы купулуна толбогон, аларга ичи чыкпай жашап келгендер ооруп калган күндөрү «сезимталдыктын азабынан» (emotional pain) улам илдети күчөгөндүгүн билдиришкен.

Сапаттуу мамиле түзүүнүн пайдалуу экенин далилдеген дагы бир мисал, изилдөөгө катышкан 50 жаштагы кишилердин канындагы холестеринди өлчөшкөн. Башкалар менен жакшы мамиле түзө алган кишидеги холестериндин деңгээли, ошол жаштагылардын орточо деңгээлинен төмөн болуп чыккан.

3. Жылуу мамиле куруу

Жылуу мамиле бир гана дененин эмес, мээнин да саламаттыгын жакшырат экен. Мисалы, изилдөөнүн авторлору жардамга муктаж болуп турган учурда ага кол суна тургандар бар экенин сезип жашаган кишилердин эске тутуусу 80 жашында да курч бойдон сакталса, өзүн дайыма жалгыз сезгендердин эске тутуусу эрте мокогонун байкашкан.

Ойго салган ой толгоо

Кыргызда «Жакшы сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен», «Жакшы – сылык, жаман – өнөк», «Жакшы – эли менен, жер – кени менен», «Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп» деген учкул сөздөр кылымдар бою эле айтылып келген.

Мисалга, «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген макалды укпаган жан жоктур арабызда. Мында чоң-кичине дебей, бири-бирин сыйлап жашаганга такай себеп табуу мүмкүн деген асыл ой камтылган. Азыркы дүйнөдө болуп жаткандай мансабына, зоболосуна же жеке кызыкчылыгынан улам белгилүү гана адамдарга сый-урмат көргөзүү деген коомдук гармонияны шал кылган түшүнүктөргө кыргыздын дээринде орун жок болгон. Бул макалда, эч кандай категорияга бөлбөстөн, коомдун ар бир катмары башканы сыйлай билиши керек экендиги таамай айтылган.

Негизи эле элдик фольклор, адабий чыгармалар, искусстводо, деги эле адамдын аң-сезиминен жаралган чыгармалардын баарында муну көрүү мүмкүн. Баарында «Адам болуу, адамга адамча мамиле жасоо» деген асыл нарк камтылганы, так ушул түшүнүктү туу туткандыгы талашсыз.

Негизи эле дин, тагыраагы исламдын адамдын аң-сезиминен жаралгандыгын айтуу мүмкүн эмес. Бирок бул канчалык Кудайдан берилген таберик экенин, анын колунан чыккандыгы айтылса да, баалуулукту башкы орунга койгондугу жагынан адамдык дилден, абийирден айырмасы жок экенигин белгилеп кетүү керек. Анткени ислам теологиясында адам, анын акылы, абийири өзгөчө макамга ээ. Так ошол себептүү ислам баалуулуктарынын калыптануусу – адамдын акылы жана абийири менен эсептешүү менен калыптанганын эске түйүп коюу маанилүү.

Демек, аң-сезим үчүн да, адамды көңүл чордонуна алган диний түшүнүк үчүн да башкалар менен жылуу-жумшак мамиледе болуу деген озуйпа өзгөчө маанилүү экен. Көрсө бизди узак жана бактылуу кыла турган түшүнүктөр, кылымдар бою ар тараптан жаңырып эле келе жатыптыр да. Ата-бабаларыбыздан калып, ооздон оозго көчүп келген «Өмүрүң узун болсун!» деген бата дагы «Жаныңда жакшыларың, кыйын күндө жөлөк болуп берчү жакындарың көп болсун!» деген терең ойду камтып турат балким...

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG