Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Рахманкул хандын швейцариялык ини досу Бернар Репонд

Бернар Репонд Вандагы Улуу Памир айылында. Түркия. 07.10.2023.
Бернар Репонд Вандагы Улуу Памир айылында. Түркия. 07.10.2023.

Дүйнө кыргыздарынын ичиндеги чакан ооганстандык топтун мурдагы ханы Рахманкул Жапаркул уулуна бир нече ирет кезиккен жана Ала-Тоодо элет жеринде көпүрө салдырган швейцариялык саякатчы Бернар Репонд тууралуу блог.

Кыргызстан – Швейцария

XX кылымдын башында Кыргызстанды Швейцария сыяктуу бакыбат өлкө болсо экен деп самаган саясатчылардын алгачкысы, биз билгенден, Жусуп Абдыракманов болсо керек эле.

Албетте, Кыргызстандын эгемендиги доорунда да демократияга багыт алган жумуриятыбызды көп этностуу Швейцарияга теңегиси келгендер арбыган.

Батыш Европадагы бул тоолуу өлкө тоолуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместигин 1991-жылы 23-декабрда, демек, биринчилерден болуп тааныган.

Алгачкы жылдары Швейцариянын Маскөөдөгү элчилиги бул өлкөнүн Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелерин жөнгө салып келген. 1993-жылдан 2012-жылга чейин Өзбекстандын борбору Ташкендеги Швейцариянын элчилиги Кыргызстан үчүн дагы жооптуу болгон.

Ал эми 1993-жылы Бишкекте Швейцариянын кызматташтык кеңсеси ачылып, ал кеңсе 2012-жылдын ноябрында элчилик макамга көтөрүлгөн.

Албетте, Швейцариядан Кыргызстанга келип, кыргыз маданиятын үйрөнүүгө талпынган жана салым кошкон инсандар да арбын. Бүгүнкү блог ошол инсандардын бири тууралуу болмокчу.

Швейцариялык ишкер Бернар Репонд мырза Сиирт университетиндеги Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана ооган кыргыздарынын тобунун Пакистандан Түркиянын Ван аймагына көчүнүн 41 жылдыгына арналган эл аралык симпозиумга катышты. 06.10.2023.

Рахманкул менен Гилгитте таанышкан швейцардык саякатчы

Бернар Репонд мырза 1944-жылы туулган. Ал – журналист, ишкер жана Чыгыш элдеринин тарыхын жана маданий салттарын жеринен үйрөнүүгө шыктанган заманбап саякатчы.

Адатта, тигил же бул өлкөгө кызыгып каттаган кишилерди “турист” деп коюшат эмеспи, бирок Б.Репонд мырза жөнөкөй турист эмес, өзү кызыккан маданиятты жантыгынан жата калып, ырааттуу иликтеген инсан.

1978-жылы Ооганстанда “Саур ыңкылабы” деп советтик тарыхнаамада аталып келген коммунисттик төңкөрүш окуяларынан соң, Ооганстандын Памириндеги (Вахан өткөөлүндөгү) кыргыздардын ханы Рахманкул хан Жапаркул уулу (1913–1990) өзүнүн элинин бир бөлүгү менен Пакистандын татаал ысык климаттык шарттары менен белгилүү Гилгит өрөөнүнө журт которуп келген.

Пакистандын бийлиги үркүп келген кыргыздарга Имит деген айылдан жер кесип берген.

Бернар Репонд жана жубайы Роз-Мари
Бернар Репонд жубайы Роз-Мари (Розмари; Rose Maria) менен. 17.01.2014.

1978-жылдын соңунда Бернар Репонд мырза жубайы Роз-Мари менен Иранда саякатта болгон. Ал эми 1979-жылдын башында Ирандагы элдик ыңкылап окуялары курчуган чакта, жубайлар бул өлкөдөн чыгышка чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

1979-жылы январда Репонд мырза жубайы менен Гилгит шаарын кыдырып жүрүп, фотоаппаратына пленка алуу үчүн бир чакан дүкөнгө кайрылган.

Мында ал дүкөн ичиндеги салабаттуу бир кишини көрө калып, жубайына:

–– Мен бул кишини тааныйм. Ал – Рахманкул хан, ооган кыргыздарынын башчысы, – деген.

–– Аны каяктан тааныйсың?

–– Анын сүрөтү “Нэшнл жеографик” журналына чыккан, деп, Бернар Репонд Рахманкул хан тууралуу макала да окугандыгын айтат.

Жубайлар келип, Рахманкул хан менен учурашканда, ал өзү да таң калып жана ыраазы болот. Рахманкул хан аларды кыргыздар убактылуу байырлап жаткан тоо этегиндеги Имит кыштагына чакырат.

Рахманкул хандын көздөй кишилери швейцариялык саякатчы жубайларды атайын уруксаты жок эч бир чет элдик барбай турган бул кыштакка автоунаа менен алып барган. Автоунаадагы башка тоолуктар базардан алган товарлары, тирүү тоогу менен кошо отурушкандыгын Бернар Репонд мырза маегибиз маалында күлүп эскерди.

Б.Репонддун фарсы тилинде сүйлөй алгандыгы ал үчүн өзгөчө баалуу болду. Анын айтымында, Рахманкул хан өзү дагы фарсы тилин дурус билген.

Имит кыштагында бир-эки гана күн калабыз го деп ойлогон жубайлар оогандык кыргыздардын меймандостугуна балкып, бир аптадай жүрүп, алар менен дос болуп кайтышкан.

Кийинчерээк Б.Репонд Имит кыштагына бир нече ирет фото сүрөттөр жөнөткөн, бирок эч жооп ала албаган.

Тасма. Бернар Репонд Улуу Памирде. Ван, Түркия. 07.10.2023.

Ван өрөөнүнө карай сапарлар

1982-жылдын августунда Б.Репонд мырза швейцариялык сыналгы каналдарынын биринен жаңылыктарды көрүп жатып, ооган кыргыздарынын тобу Бириккен Улуттардын көмөгү менен Пакистандан Түркияга учак менен көчүрүлгөндүгү тууралуу кабарды угуп калат.

Ал алеп-желеп болуп, сүйүнгөн бойдон жубайына кайрылат:

–– Мен сөзсүз Рахманкул ханга жана анын кыргыздарына жолугушум керек!

Ошентип, ал Түркиянын Ван аймагына, Эржиш шаарына, андан ары түндүккө карай чыгып, тоо боорундагы Улуу Памир айылына келип, Рахманкул хан менен кучак жайып учурашат.

Анын айтымында, ал Рахманкул ханга анын көзү тирүүсүндө Ван аймагында эле эки же үч жолу кезигип, баарлашкан. Андан соң да бул кыргыз айылына бир нече ирет келип кетип турган.

Б.Репонд өтө жакындан тааныган Рахманкулдун урпактарынын арасында айтылуу сүрөтчү Акбар Кутлу жана 1990-жылдары Улуу Памир айылынын башчысы да болуп турган Ариф Кутлу мырзалар бар.

Ал эми оогандык кыргыздардын ичинен 1979-жылы англис тилин чала билген, кийин болсо бул тилде мыкты сүйлөп калган Кудайар мырза да Бернар Репондго тилмеч кызматын аткарып жүргөн кезеңдер болгон.

2023-жылдын 7-октябрында (тогуздун айынын 7синде) Бернар Репонд мырза Улуу Памир айылында Акбар Кутлу, Ариф Кутлу жана Кудайар менен кучак жайып учурашты жана биздин көзүбүзчө чер жаза баарлашты.

Рахманкул хандын жетекчилигиндеги ооган кыргыздарынын Гилгиттен Ван аймагына көчүшүнүн 41 жылдыгына арналган бул күнкү (7-октябрдагы) коомдук-маданий жыйында сөз сүйлөп, Бернар Репонд мырза айтылуу Рахманкул ханды өз элине оор учурда жол таба алган кеменгер башчы катары жогору баалап эскерип өттү.

Бернар Репонд мырза менен кыргыз тарыхчысы Таалайбек Жаркынбаев Рахманкул хандын (1913–1990) элесине жана оогандык кыргыздардын Пакистандан Түркияга көчүнүн 41 жылдыгына арналган иш-чара маалында. Ван дубанынын Эржиш ооданындагы Улуу Памир айылы. 07.10.2023.

Ала-Тоодогу Репонддун саякаты жана көпүрөлөрү

Швейцар саякатчысы жана айдыңы Бернар Репонд оогандык кыргыздарга жолуккан соң, 1990-жылдардан тартып эгемен Кыргызстанга да байма-бай каттай баштаган жана Ала-Тоодогу айрым жергиликтүү кыргыздар бара элек бийик тоолуу жерлерди атчан түрө кыдырган.

Адатта, ала-тоолуктар "Швейцариядагыдай жашайбыз" деп өз сөздөрүндө көп тилек сөздөрдү айтышат. Бирок Б.Репонд мырза бул тилекти жүзөгө ашыруу үчүн элет кыргыздарына иштиктүү көмөк да уюштуруп келет.

Маселен, XXI кылымдын башында ал өзү негиздөөчүлөрдөн болгон швейцариялык долбоорлорго ылайык, Кыргызстандын бийик тоолуу элет жерлеринде шар аккан тоо сууларында ашар жолу менен бир катар чакан көпүрөлөр курулду.

Көпүрө курулушунун бир катар чыгымдарын швейцариялык демөөрчүлөр көтөрүшөт, бирок жергиликтүү бийликтер да демилгенин бир бөлүгүн өз колуна алып, эмгек күчү, долбоорлоо, унаа сыяктуу айрым түйшүктөрдү өз мойнуна алат.

Мындай кызматташтык жергиликтүү бийликтерди да өз жер тилкесиндеги орток курулушка жат көз менен карабастан, өз өнүмүнө жана өз кичи мекенине карата өзгөчө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга да түртөт эмеспи.

Ала-Тоодогу өзөндөрдүн бириндеги көпүрө
Ала-Тоодогу өзөндөрдүн биринде эл аралык ашар жолу менен курулган чакан көпүрөлөрдүн бири. 24.10.2013.

Менимче, 79 жаштагы ардагер Бернар Репонд мырза “эгерде Швейцариядагыдай жашагыңыз келеби, анда өз жериңизди өз колуңуз менен борбордук азиялык Швейцарияга айлантыңыз” деген ураанды ачык айтпастан эле жүзөгө ашырып жаткан айкөл аксакалдай сезилет.

Швейцариядагы ооган шырдагы

Ооганстандын Памириндеги кыргыз уздарынын колунан чыккан чий туштуктун көрүнүшү.
1/16 Ооганстандын Памириндеги кыргыз уздарынын колунан чыккан чий туштуктун көрүнүшү.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Бул туштукту Бернард Репонд мындан бир нече жыл мурда Памирге барганда кыргыздардан 50 долларга сатып алган.
2/16 Бул туштукту Бернард Репонд мындан бир нече жыл мурда Памирге барганда кыргыздардан 50 долларга сатып алган.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Индияда тартылган сүрөт. "Памир көпүрөлөрү" деп аталган уюмдун жетекчиси Бернард Репонд жаш кезинде келинчеги экөө Иранда лыжадан инструктор болуп иштешкен. Фарсы тилин үйрөнүп, Индияга көп каттаган.
3/16 Индияда тартылган сүрөт. "Памир көпүрөлөрү" деп аталган уюмдун жетекчиси Бернард Репонд жаш кезинде келинчеги экөө Иранда лыжадан инструктор болуп иштешкен. Фарсы тилин үйрөнүп, Индияга көп каттаган.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Бул жыгач айкелди Бернард Репонд 1990-жылдардын башында Ташкенден сатып алган.
4/16 Бул жыгач айкелди Бернард Репонд 1990-жылдардын башында Ташкенден сатып алган.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Ал эми бул "кишилерди" африкалык усталар бир кесим жыгачты кырып отуруп жасашат.
5/16 Ал эми бул "кишилерди" африкалык усталар бир кесим жыгачты кырып отуруп жасашат.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Индияда тартылган сүрөттүн фрагменти.
6/16 Индияда тартылган сүрөттүн фрагменти.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Африкалык кыздын бюсту.
7/16 Африкалык кыздын бюсту.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Түндүк Африкада колдонулган тажин казаны. Анын капкагында кичинекей тешикче бар. Тажинге мисалы, тоок күйбөй, жумшак болуп бышат.
8/16 Түндүк Африкада колдонулган тажин казаны. Анын капкагында кичинекей тешикче бар. Тажинге мисалы, тоок күйбөй, жумшак болуп бышат.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Жыгач айкелдер.
9/16 Жыгач айкелдер.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Табак жана айкелдер.
10/16 Табак жана айкелдер.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Индияда тартылган аял кудайлардын сүрөтү.
11/16 Индияда тартылган аял кудайлардын сүрөтү.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Залдагы колго жасалган такталарда ирандык килем, шалчалар, солдогу орундукта кыргыздын шырдакча.
12/16 Залдагы колго жасалган такталарда ирандык килем, шалчалар, солдогу орундукта кыргыздын шырдакча.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Босогодогу шырдакча.
13/16 Босогодогу шырдакча.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Терезеден көрүнүш.
14/16 Терезеден көрүнүш.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Бернард Репонд жубайы Розмари менен. Жубайлар бул үйдө 30 жылдан бери жашайт.
15/16 Бернард Репонд жубайы Розмари менен. Жубайлар бул үйдө 30 жылдан бери жашайт.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Үйдүн сыртынан Альпы тоолорунун көрүнүшү.
16/16 Үйдүн сыртынан Альпы тоолорунун көрүнүшү.
Үйдөгү оокат-кечек үй-ээси тууралуу маалымат берет эмеспи. Жаңыл Жусупжан Кыргызстанда көпүрө курган Бернард Репонддун Швейцариядагы үйүндө болду.
Артка
Алдыга

Мурда да бул аксакалдын көпүрө салуу долбоорлору тууралуу “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы, азыркы тапта кино режиссёр Жаңыл Жусупжан жана башка замандаштарыбыз чагылдырып келишкен.

Сиирт университетиндеги илимий жыйынга жана Улуу Памирдеги коомдук жыйынга келээрдин алдында да Бернар Репонд мырза Кыргызстанда саякатта жүрүп келгендигин кошумчалап айта кетели.

Бернар Репонд мырза Ала-Тоодогу бийик тоолуу жайлардын өзөндөрүндө жөн гана көпүрө курууга салым кошуп чектелбестен, жеке өзү да кыргыз эли менен швейцар элинин ортосундагы заманбап элдик дипломатиянын бараандуу көпүрөлөрүнүн бири болуп саналат, десек жаңылышпастырбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Куржундар
XS
SM
MD
LG